Эрте менен үйдөгү шыбырттан ойгондум. Аялым баламды мектепке кийинтип жатыптыр. Үйдө кичинекей кызым ойгонуп кетпесин деп жарыкты күйгүзүшпөйт. Сырттагы жарык терезеден тийип турат. Кечинде жатаарда баарын дайындап коюшат.  Экөөсү акырын буттарынын учу менен жылып чыгып кетишти. Мектеп жакын  болгондуктан он мүнөткө жетпей апасы кайра келет.

Аялым эшиктен кирээри менен кызым уйкудан турду. Ал кирип эле, кызым экөөбүздү карап, “дагы деле жатасыңарбы” деп адатынча тийишип өттү.

– Байке келиптир айылдан. Ата да кантсе да таң атпай эле келсе керек. Балдар ойгонуп кетпесин деп эшикте отуруптур, – деди.

Каршыбызда балдар жашайт. Кез-кезде атасы айылдан келип көрүп кетип турат. Чынында эле байке суукта отурбай кирип турса болмок экен. Балдар ойгонбосун деп аяганын. А балдар түнү менен пабжи ойноп кеч жатышат. Уйкудан туруп эле жумушка кетишет. Бирок, байке мыкты адам, балдарына жакшы тарбия берген. Башка балдардай үйүнө отуруш уюштуруп же ичип, чегип чуу салышпайт.

Ушуларды ойлонгунча аялым төшөктөрдү жыйнап кирди. Мени карап:

– Сен турбайсыңбы, – деди.

– Жок ай, кичине жата турайынчы, шалдырап жатам. Мурдум да бүтүп калыптыр, – деп жөтөлгөн киши болдум. Ал үйдү жыйнап кызга тамак берип баштады. Аңгыча телофонуна билдирүү келди. Шак эле компьютерине отуруп бир нерселерди шакылдата жаза баштады. Кыязы жетекчиси тапшырма берди өңдөнөт. Карантин башталгандан бери үйдө иштеп жатышат. Саатты карады да баланы мектептен ала турчу мезгил болуптур деп, кийинип сыртка чыкты.  Биз кызым экөөбуз эркелешип, алашып ойноп жатканда, балам экөө сырттан киришти. Баланы чечин деп коюп кайра жумушуна отурду. Аңгыча түшкү тамак иче турган кез келди. Бизге чай берди. Нан түгөнүп баратыптыр деп камыр жууруп кирди. Камырын ороп, сен ооруп жатсаң шорпо ичкениң оңго деп эт салып койду. Столдун үстүн жыйнап жатса курбусу чалды. Аны менен сүйлөшүп да үйдү жыйнап да жатты.

Жумушунан кайра жаңы тапшырма келди өңдөнөт, телефонун ийинине кысып, адатынча шакылдата баскылап иштеп жатты. Бир мезгилде бир азга бошоду окшойт. Кызымды бутуна отургузуп,  өзү чалкасынан жатып тизелерин курсагына тийгизип, кайра ылдый түшүрүп көнүгүү жасады. “Бул эмне кылганың”  десем “фитнесс” дейт. Ошондо курсак кирип, куйруктары чыгат экен.

Кокуй камырым ачып баштаптыр деп нан жасап кирди. Казанда эти кайнап калгандыктан, нанды духовкага салды да, сыртка чыгып кесме алып келгенден эринди окшойт, колго камыр жайып баштады. Улам телефонун карап, компьютерге отура калып баарына жетишип жатты. Кеч кирип баратканда балам экөө сабак окуп баштады.

Кечки тамакка отурганда көздөрүнө карадым. Чарчаган түрү жок. Эртеден бери кухня менен залдын ортосунда канча ирет басып келди, отуруп туруп жаны тынбады. Мени карап

– Ыссык шорподон ичсең, тер менен чыгып кетет шамалдап калсаң керек, – деп коет.

Апамды эстедим. Биз кичинекей кезде, ал да ушинтип жаны тынбай тамак жасап, тандырга нан жаап, кир жууп баарына житишчү. Заманына жараша өзгөрө берет өңдүү.

Аялымды бүгүн кечке аңдып отурдум, ооруган киши болуп… Биз эркектер сыртта жүрүп анча элес албаган менен аялдарга үйдө деле тыным жок экен.

Түн кирип төшөк салып баштады. Балдарды жаткырып, эртеңки мектепке кие турчу кийимдерин даярдап, эрте менен бала ысык чай ичип кетсин деп термоско чай кайнатып койду. Бул анын бир эле күндүк, күндө өзгөрүүсүз жасала турган жумуштары.

Эрте менен түйүлгөн чачы кечинде менин жаныма  келгенде  чечилди. Кызыма карап капталынан жаттып уйкуга кетти. Акырын чачынан сылап, жүзүнөн сүйдүм. Уктап жатса да баарын туят, колумдан кармап мага ыктап уктап баратты.  Балким, аялдык бакыт деген ушул чыгар…

Автор Жазгүл Баяналиева