Токталиев Акин Усубалиевич Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Президент кол койгон башка Жарлыкка ылайык, Карабаев Медер Жаныбекович Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды.