Түркиянын Анталия шаарындагы «Кыргыз айымдар» коому кыргыз кыз-келиндердин жеңилин жерден, оорун колдон алып, аларга укуктук, социалдык жардам көрсөтүп, ошондой эле маданий-агартуу иштерин жүргүзүп келатат. Аталган коомдун негиздөөчүсү жана жетекчиси Перизат Асаналиева.

 

«Түркияга келген мигранттардын 80% аялдар жана кыз-келиндер. Көпчүлүгү тил билбей келип, жумуш бар десе эле, бирөөлөрдүн чакыруусу менен  барып алышат. Ал кандай жумуш, тажрыйбасы бар мекемеби, лицензиясы барбы же жокпу, убагында эмгек акысы берилеби, жашаганга шарты барбы, мына ушу сыяктуу маселелерди тактабай келип алышат да көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат. Иштен чыгарып койсо, бара турган жери жок болуп көчөдө калгандар да бар. Эмгек визасы жок кыз келиндердин укуктары тепселенип, психологиялык жактан жабыркагандар да өтө көп. Алыста жүргөн ар бир аял заты баласына, үй-бүлөсүнө мекенине куса болуп убакыт өткөзөт. Мамлекет жумуш орун түзүп берсе, балким, келбейт белек дегендер да арбын.  Бул себеп аялдар коомун ачуума түрткү болду десем болот», –  сөзүн баштады Перизат.

Ал өзү айылдан тогузунчу классты бүтүп эле шаарга келе берген. Бишкектеги И.Арабаев атындагы университетти окуп, ийгиликтүү бүтүрдү. Билимдүү адам эч жерде, эч качан кор болбойт дегендей, алган билиминин пайдасы көп тийди. Москва, Сочи, Новосибирск, Иркутск шаарларында ар кандай жумуштарда иштеди. Акыры чоң тажрыйба топтогон кыргыз кызы курбусунун чакыруусу менен Түркияга келип иштеп калган экен.

«Кыргыз кыз-келиндерден турган «Кыргыз Айымдар » коому 2018-жылдын апрель айында ачылган. Бул демилгем эки тараптуу болгондуктан, Анталья шаарынын мэриясы да толук колдоого  алып, расмий каттоодон өткөнбүз. Анталиянын мэриясы менен иш алып барабыз. Кыска мөөнөттө көптөгөн иштерди жасаганга жетиштик десем болот».

Анын айтымында, Түркияда кыргыз кыз-келиндеринин көпчүлүгү оорулуу же картаң адамдарды карап, бала багып, үйлөрүн жыйнашып же болбосо кафе-ресторандарда күнү-түнү дебей иштешет. Алар жумасына бир жолу гана эс алгандыктан, ошол күнгө ылайыктап ар кандай иш-чараларды өткөрүшөт. Коомдун мүчөлөрү жакшы кызматтарда иштеген тажрыйбалуу эжелер, билимдүү, активдүү кыз-келиндер. Коомго мүчө болууну каалагандарга эшик ачык.

Коом көптөгөн долбоорлор менен иш алып барууда. Мисалы, «Ден соолук» долбоору боюнча аялдардын ден соолугуна кам көрүү максатында ооруканалар менен атайын келишим түзүлөт.

«Мекендештерге жардам» долбоорунда болсо, Кыргызстандагы социалдык жактан колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам берилип турат.

«Кыргыз-Түрк достугу» деген дагы долбоор бар. Анда башка улуттун коомдору менен тыгыз байланышта иштешет. 82 коомдун башын бириктирген «Ahder» деген платформанын курамына кошулушкан. Ар бир улуттун иш-чараларына активдүү катышып, алыста жүрүп, кыргыз тилибизди унутпайлы деп эки жылдан бери «Улут болсом, тилим  менен улутмун» аттуу мыкты иш-чара өткөрүлүп келе жатат.

«Башкы максаттардын бири – кыргыздын маданиятын таанытуу. 2018-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган, эки өлкө арасындагы эң чоң иш-чара өткөрүлдү. Жыл сайын өтүп туруучу улуттар арасындагы «Достук жана Ынтымак» фестивалына катышып, кыргыздын маданиятын чагылдырып таанытып турабыз», – дейт маектешебиз.

Жаңы келген мекендештерге түркчө бекер курстар үйрөтүлүп турат.Жума  күндөрү коомдун кеңсесинде таалим-тарбия сабактары берилет. Дем алышка чыккан кыз-келиндерге кол өнөрчүлүк боюнча, түймөнүн жана сайманын түрлөрүн ишмер эжелер үйрөтүп турушат.

Перизаттын өзү жакында Анталиянын мэриясынын алдында курулган улуттар арасындагы чоң кеңешке Кыргызстандын атынан мүчө болду.

Аталган коомдун жардамы бул жактагы кыргыз кыз-келиндерине пандемия учурунда абдан чоң болду. Ишканалар жабылып, бизнес токтоп калган убакта көчөдө калган мекендештер көп болду. Аларды коомдун мүчөлөрү үйлөрүнө чейин алып кетип, бекер азык -түлүк таратып, үйдөн беткап тигип таратышты.

«Ошондой ошондой эле айлыгын ала албай калган, визаларын туура эмес жасатып, шылуундардын колуна түшүп алданып калган мекендештерге  да  юридикалык кеңештерди берип, жол көрсөтүп турабыз. Биздин коомду эч ким каржылабайт. Өзүбүз жоктон бар кылып, мекендештерибиздин укугу тепселенбесин деп иштеп жаткан кезибиз. Жасап жаткан иштерди эки ооз сөз менен айтуу мүмкүн эмес, айтылбай калгандар көп. Мүчөдөгү аялдардын эмгеги чоң. Колубуздун келишинче, күчүбүздүн жетишинче аракет кылып жатабыз,буюрса, дагы да болсо жакшылыктар алдыда.Эң негизги максаттарыбыздын бири – кыргыз аялдарын үй кызматчы, бала багуучу катары эмес, өз үй-бүлөсүн карап, коомду өнүктүрүүгө салым кошкон күчтүү ишмер катары тааныса дейбиз. Ар тараптуу өнүккөн кыз-келиндери менен кыргыз эли сыймыктанса дейбиз» – деп сөзүн аяктады «Кыргыз айымдар» коомунун жетекчиси.

ТИМдин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын 700 миңден ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгектенүүдө. Мигранттар которгон акча Кыргызстандын ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Орозгүл Аташова