Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Кудайбергенов Бактыбек Жапарович дайындалды. Бул маалыматты бүгүн, 10-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Б.Кудайбергенов мурда Ысык-Ата районунун акими, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп эмгектенген.