Кыргызстанда жарандар коомдук жайларда беткап тагынбай калышты, бул жаман натыйжага алып келет. Бул тууралуу “Биринчи радиого” маек берип жатып, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Түркияга иш сапарынын алкагында министр ал жакта бардык адамдар беткапчан жүрүшкөнүн көргөн. “Дем алыш күндөрү эч ким сыртка чыкпайт, көчөлөрдө унаалар жок. Баары үйлөрүндө отурушат. Көрсө, Түркияда 500 доллар айып салынат экен. Мен дагы өкмөткө коомдук жайларда беткапсыз жүргөндөргө айып салуу сунушун киргизгим келип атат”, — деди Бейшеналиев.

Ал коронавирусту бирдиктүү күч менен гана жеңе алабыз деп белгиледи.