Ар бир ата-эне балдары өз турмушунда орун таап, татыктуу инсан болушун каалайт эмеспи. Андан дагы эң чоң бакыт бул-балдары алардын кесибин аркалап, үй-бүлөлүк династиянын жолун улантуу. Ички иштер органдарында дагы балдары ата-энесинин жолун улап, алардан үлгү алып,  кадыр-барк топтоп, абийири менен ак кызматын өтөгөндөр аз эмес. Бүгүн биз сөз кыла турган каармандарыбыз Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кызмат өтөп жаткан милициянын майору Авазбек Абдираимов жана  анын уулу Алинур Абдираимов жөнүндө сөз болмокчу.

Атасы жыл сайын уулуна окуудагы жетишкендиктерине карап милициянын атайын наамын ыйгарып турат. Милициянын формасын дагы тиктирип берип койгон. Келечекте ата жолун улап, намыска бек, абийири менен адал кызмат өтөп, Мекен алдында берген антын бузбаган татыктуу милиция кызматкери болот деп ишенет.

Уулу Алинур Авазбекович келечекте көптөгөн кылмышкерлерди кармаган милиция болом деп кыялданат. “Келечекте атамдай милиция кызматкери болуп, кылмышкерлерди кармайм. Атама айтып милициянын формасын дагы тиктирип алгам. Азыр экинчи класста окуйм.  Чоңойсом көп милицияны башкарып, генерал болом”,-дейт каарманыбыз Алинур.

Милициянын жаш досу Алинурдун келечеги кең болуп, ар бир ойлогон ой-максаттары орундалып, келечекте Кыргыз милициясы сыймыктанган милиция кызматкери болооруна тилектешпиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы