Садыр Жапаров Өмүрбек Бабанов менен жолугушууда өлкөгө инвестиция тартуу маселеси тууралуу сүйлөшүшөт. Бул тууралуу маалыматты президенттик аппараттын басма сөз катчысы Галина Байтерек жергиликтүү маалымат каражаттарына тастыктады.

«Менин угушум боюнча Өмүрбек Бабанов иннвесторлорду чакырып жатат. Ал инвестициялык экономикалык долбоор сунушташы мүмкүн», — деп билдирген ал.

Эскерте кетсек, саясатчы Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо талапкерлигин койбой, Садыр Жапаровду колдой турганын билдирген.