Бүгүн, 10-февралда президент Садыр Жапаров энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Керектөөчүлөрдү электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана өнөр жай потенциалын көтөрүү боюнча чаралар талкууланды.

Ошондой эле энергокубаттуулукту генерациялоону арттыруу жана энергиянын кайра жаратуучу булактарын өнүктүрүү максатында азыркы жана алдыдагы мезгилде атамекендик энергосистеманын иштөө режими, республиканын энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Министр Кубанычбек Турдубаев жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу жана жалпы эле энергетика тармагы менен өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечеги боюнча милдеттердин ишке ашырылып жаткандыгын маалымдады.

Кубанычбек Турдубаев энергокызматтар өлкө керектөөчүлөрүн электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн иш жүргүзүүгө даярдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы республика калкын электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси өзгөчө олуттуу маселелердин бири экенин жана стратегиялык энергетикалык жабдуулардын туруктуу иштешин камсыздоо атамекендик энергетика тармагынын ведомстволору менен чарбалык субъектилеринин биринчи кезектеги чарасы болуп саналарын билдирди.

Садыр Жапаров жаңы энергетика кубаттуулуктарын ишке киргизүү, энергиянын кайра жаратуучу булактарынын потенциалын пайдалануу боюнча иштерди тез арада баштоо зарылдыгына токтолду.

Келечекте өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуунун жана бүтүндөй энергосистеманын рентабелдүүлүгүнө жетишүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Садыр Жапаров өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоонун, республиканын өнөр жай потенциалын жогорулатуунун жана бул тармактарга кошумча инвестицияларды тартуунун зарылдыгын дагы бир ирет баса белгиледи.