КЫЗЫЛЧАНЫН ПАЙДАСЫ! КЫЗЫЛЧА ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛАЙТ ЖАНА ЖАШАРТАТ!
Адамдардын сүйүктүү азыгы
Кызылча өзүнүн пайдалуулугу жана дарылык касиети менен элдик медицинада кеңири колдонулуучу азык. Ал адамдардын эң таттуу, эң көп колдонулган сүйүктүү азыгы. Кызылча адамдын организмине керек болгон витаминдерге жана минералдык заттарга бай. Анын курамында В, С, А витаминдери көп, ал эми минералдык заттары йод, магний, кальций, темир болуп эсептелет. Алар тамак сиңирүүгө, ден соолукту бекемдөөдө чоң роль ойнойт.
Жалбырагынан баштап тамырына чейин пайдалуу
Кызылча С витаминдин, жез жана фосфордун негизги булагы. Ошондой эле организмдеги керексиз улуу заттарды чыгарып турат. Анын жалбырагы А витаминине бай, ал эми тамырында С витамини бар. Кызылчадан даярдалган тамактар денедеги зыяндуу шишиктерден сактайт.
Жашартуучу касиетке ээ
Кызылчанын курамындагы В9 витамини жүрөк оорусуна калкан болот. Бул витаминдин тамак-ашта кездешүүсү гемоглобинди жогорулатып, аз кандуулукка каршы күрөшөт. Ал организмди жаш боюнча сактап калган касиетке ээ. Аны колдонгондо активдүү жаңы клеткалар пайда болуп, маанай көтөрүлөт.
Жетишкен жана жетишпеген жактары
Кызылча — бул кварц. Ал сөөктүн бекем болушу, артерия жана тери саламаттыкта болушу үчүн негизги элемент. Бирок бул пайдаларына карабастан кээ бир адамдар үчүн зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Эгер ашказаныңызда оору бар болсо же анын кислотасы бийик болсо этияттап колдонуш керек. Бул азык бөйрөктү гана эмес канды дагы тазалайт. Организмдеги кислотаны жогорулатат жана боорду тазалайт, мээни калыптандырат, уулуу заттардан коргойт. Эрте картаюудан алыстатат, психиканы жөнгө салат. Кызылча В витаминдин организмде болуусуна өбөлгө түзөт жана андан башка көптөгөн витаминдерди алабыз.
Эс алдыруучу касиетке ээ
Сууга бышкан кызылча жана анын кайнатмасы(суусу) организмди эс алдырат. Чийки кызылчанын ширеси гипертония оорусунда пайдалуу.
Кызылчанын дарылык касиети
Кызылча айтып бүткүс дарылык касиетке ээ. Ал боордун оорусунда пайдалуу. Кандын жакшы жүгүрүүсүн шарттайт, кан тамырларды кеңейтет жана жүрөктүн иштешин жакшыртат. Ошондой эле унутчаактыкты дарылап, зээндүү кылат.
Кызылчанын тамырынын уругу курамына көптөгөн пектин заттарын камтыйт. Ушул заттардын жардамы менен ал радиоактивдүү жана оор металдардын терс таасиринен сактайт. Ошондой эле организмдеги холестериндин санын азайтып, жокко чыгарат.
Кызылчанын курамындагы көп өлчөмдөгү темир жана жез канды тазартууга жардам берет, ошондуктан анемия оорусунда пайдаланылат.
Оорудан жаңы гана сакайган алсыз адам үчүн күнүнө 3 жолу тамак алдында жаңы кызылчанын ширесин ичүү сунушталат.
Сууга бышкан кызылчанын касиети
Башка жашылчалардан айырмаланып кызылча сууга бышырылган учурда да өзүнүн пайдалуулугун жоготпойт. Себеби, В витамини жана минерал тузу ысыкта да чыдамдуу келишет. Кычкыл азыктар менен тамактанганда кызылчанын минералдуулугу чоң пайдасын берет. Курамында бетаин деп аталган биологиялык топтом бар. Бетаин “Beta” латын тилинен алынган. Кызылчанын бетаини атеросклерозду токтотот, майдын алмашуусун жөнгө салат, боорду айыктырат. Бетаин кызылчанын өзүндө, тамырында, жалбырагында болот.
Бөйрөк ооруганда
Бөйрөгүндө ташы бар жана заара чыгаруучу каналдары жабыркагандар кызылчаны аз колдонуусу зарыл.
Кызылчанын пайдалуу касиеттери. Кызылча ширеси. Кызылча жана анын ширесинин дарылыгы
Кызылчанын ширеси — канды жөнгө салууда кандуу жемиштердин ичинен эң баалуу, таасирдүүсү болуп эсептелинет. Эгерде айымдар сабиздин ширеси менен аралаштырып күнүнө 0,5 л иче турган болсо пайдасы абдан зор.
Организмди тазалайт
Кызылча тазалоочу касиеттерге ээ. Алгач бир бокал ширесин ичкенде баш айланып, көңүл айныйт. Ашказанга да күч келет. Ошондуктан бул аралашманы аз-аздан ичип организмди көндүрүп алуу керек. Андыктан күнүнө 1-1,5 стакан ширени 2 жолу ичүү менен организмиңизди тазалоого даярданасыз.
Кызылчанын курамында 50% натрий, 5% кальций бар. Ал кан басымынын жогорулашына, жүрөктүн жакшы иштешине өбөлгө түзөт.
Кызылчанын ширеси
Кызылчанын сабиз менен болгон аралашмасы- канды калыбына келтирүүдөгү табигый дары болуп эсептелет. Ичкерген кан тамырларды кеңейтип, эс тутумду жөнгө салат. Ошону менен бирге гипертониялык ооруларда, аз кандуулукта, уйкусуздукта алмаштыргыс дармек.
Кызылчанын ширеси бир нече саат муздаткычта турганы жакшы жана анын көбүгүн алып сабиздин ширесин аралаштырат 1:4. Анын жаңы ширеси зыяндуу шишиктерди кетирүүдө жардам берет. Ал үчүн суткасына 100 мл ичүү абзел. Шире кызылчанын тамырынан жана жаш данынан жасалат.
Фарингит жана ангина оорусуна чалдыккандар кызылчанын аралашмасын тамагына күнүнө 5-6 жолу сүрөт. Бир стакан ширеге 1 аш кашык уксус кошуп, мурун бүткөн учурда ага тамчылатат. Андан тышкары диабет убагында 1 стакан жаңы ширенин ¼ бөлүгүн күнүнө 4 жолу ичүү сунушталат. Эгерде мурун бүтүү өнөкөткө айланып калса, демек кызылчанын кайнатмасын пипетканын жардамы менен мурунуңузга тамызганыңыз дурус.
Жаңы кызылчадан шире жасап 3-4 тамчыдан кулакка тамызсаңыз угууңуздун жакшырышына өбөлгө түзөт.
Окуп жана бөлүшүңүз, мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет…
Интернет булактарынан алынды.