Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн мекендештерге Россия Федерациясынын аймагында автоунаа сатып алууда алданып калбоо үчүн кеңеши
Урматтуу Россия Федерациясынын аймагында жашап эмгектенип жүргөн мекендештер! Акыркы күндөрдүн ичинде биздин мекендештер авто унааларды сатып алууда алданып калуу фактылары менен көп кайрылууда. Ошол себептен жалпы мекендештерге төмөндөгү эскертүүлөрдү сунуштайбыз:
1. Эгерде Сиз, Россия Федерациясынын аймагында авто унаа сатып алууда алдамчылардын торуна түшүп калбаш үчүн төмөнкү шарттарды билүү зарыл, себеби андай авто унаалар көбүнчөсү уурдалган, кузовунун (VIN) же болбосо кыймылдаткычынын номерлери өзгөртүлгөн жана юридикалык чектөөлөрү менен болушу мүмкүн. Ошондуктан авто унааны төмөндөгү шарттардын негизинде сатып алууну сунуштайбыз;
— Авто унааны сатып алууда ээсинин өздүгүн тактоочу документин (паспорт) көрүп, авто унаанын ээси экендиги далилденгенден кийин, авто унааны учеттон чыгаруу үчүн чогу биргеликте Жол кыймылынын коопсуздугу мамлекеттик инспекциясына барып ошол жерден инспекторлого текшертип, машинанын юридикалык жактан таза экендигине ынанып, анан сатып алыш керек.
— Эгерде авто унаанын ээси Сиз менен чоогу Жол кыймылынын коопсуздугу мамлекеттик инспекциясына баруудан баш тартса, анда ал авто унаа юридикалык жактан таза эмес экендигине шек жаратат.
2. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагында көбүнчөсү такси жаатында эмгектенип келишүүдө. Авто унааны ижарага алгандан көрө келишимдин негизинде унааны кийинки сатып алуу жолу менен иштеген ынгайлуу болгондуктан, көпчүлүк жарандарыбыз келишим түзүүдө алдамчылык фактысына кабылып калуу учурлары көбөйүүдө. Ошондуктан төмөнкү кайрылууга көңүл бурууңуздарды өтүнөбүз;
— Эгерде Сиз, авто унааны такси жаатында иштетүү үчүн келишимдин негизинде кийинки сатып алуу жолу менен алган учурда, авто унаанын ээси менен мыйзамдуу келишим түзүп, келишимде көрсөтүлгөн баардык шарттарды дыкат окуп чыгып, андан кийин чечим чыгаруу зарыл. Себеби көп учурда Кыргыз Республикасынын жарандары кайдыгер мамиле жасагандыктан алданып калууда, эгерде орус тилинде түзүлгөн келишимдин мазмунун түшүшүнүүсүнө оорчулук жаратса анда котормочуларга жана юристерге кайрылууңуз зарыл.
— Авто унааны такси жаатында иштетүү үчүн келишимдин негизинде кийинки сатып алууда юридикалык чектөөлөрүн жана айып пулдарын (штраф), текшертүү зарыл.
ИИМдин Басма сөз кызматы