Ысык-Көл ОИИБдин КМКнын уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө – ыкчам иштеринин натыйжасында опузалап талап кылганга шектелип жаткан КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турушкан 3 шектүү кармалышты.

4-февраль күнү Ысык-Көл ОИИБдин КМКнын УКККБнын кызматкерлерине ыкчам маалымат түшүп, анда «Элдияр» аттуу бала өзүнүн эки танышы менен Түп районунун Шаты айылынын 32 жаштагы тургунуна келишип, опузалоо жолу менен андан 410 миӊ сомун жана 2 миӊ АКШ долларын тартып алышкан.

Аталган факты Түп РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203 берененин 2 бөлүгү (Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, аталган кылмышка шектүү адамдардын өздүктөрү аныкталган. Алар, КР ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ыкчам каттоосунда турушкан Чолпон-Ата шаарынын тургундары 22 жаштагы Э.Э. жана 29 жаштагы Ш.Р., ошондой эле Талас облусунун тургуну 24 жаштагы Р.А. болуп чыгышты.

Андан кийинки тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн жүргөн жерлери аныкталып, ошол жерден колго түшүрүлдү.

Опузалап талап кылууга шектелип кармалышкандар соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынга чейин Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.