Бишкек шаарынын прокурору болуп Марсбек Кыдыкбаев дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Кыдыкбаев буга чейин Токмок шаарынын прокурору болуп эмгектенген.

Мурдараак өткөн маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкектин прокурору Темирбек Бекмаматов өз каалоосу менен кызматтан кеткендигин билдирген.