Бүгүн, 11-февралда экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышты.

Митингге болжол менен 50дөй адам чыгып, алар колдоруна «Максатбек Токтомушев элдин сыймыгы», «Максатбек Токтомушевди үй камагына чыгарыңыздар» деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Белгилүү болгондой, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган.  Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп,  кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалган.