УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевге карата алты иш бар. Алардын бешөө тергелип жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев  Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Ушул иштердин баарына тергөө баа берет. Эч кандай саясий куугунтук менен камап алып, тергеп жаткан жерибиз жок. «Белизгейт» боюнча ошол убакта саясатчылар кордолгонун билесиздер да. Индира Жолдубаеваны да суракка чакырып, сурап жатышат.

Күнөөсү болсо эч ким жооп бербей калбашы кажет. Ал эми күнөөсү жок болсо саясий ураан менен жоопко тартпашыбыз керек”,-деп жазды.