Садыр Жапаровдун жактоочусу Акин Токталиев УКМКнын алдында өтүп жаткан Максат ажыны колдоо митингине келди. Дин комиссиясынын мурдагы директору Аким Токталиев, юристтер жана журналисттердин суроосуна жооп берди.

Ал муфтийди камоо бул саясий оюн деген пикирин айтты.

“Булар Муфтиятты алыш керек болуп калды. Жакында ажылык башталат.

Эки килтейген чоң топ муфтиятты талашып жатат. Президент аларды билбейт.

Биринчи саясий топ Аппарат жетекчиси Искендер Гаипкулов тарап. Анын алдында Азырбек Бурканов бар, ал муфтиятка Султан Гафуров деген тууганын алып келем деп убара.

Экинчи топ Ташиев тарап. Алар Медербек Карабеков деген иниси бар, милициянын 10 бөлүгүндө иштеген, ошону алып келүүгө аракет кылган.

Алар мага келишкен, муфтийди алмаштыралы деп. Өзүм укук коргоочу, адвокат болсом, мыйзамдуулукту сактайм, Президент мага ошону тапшырган дегемин.  Эч кимиңерди киргизбейм, баары мыйзамдуу болот дедим. Карабеков мени муфтийдин үстүнөн арыз жаз, биз аны текшерели деди.

“Аким байке биз сизди тааныган үчүн келдик  чогуу иштейли, сизди колго алалы, бирге коррупциялык иш жасайлы. Кайрымдуулук фонддорго Арабдардан миллиондогон акчалар келет, ошолорду текшерүүгө сиз кат жазып бериңиз, биз текшерип акча алып чыгабыз, анан сиз менен бөлүшүп турабыз”- деген.

Мындай сөздү экинчи укпайын деп катуу айттым, ошону менен кетишкен. Бирок, жыйынтыгы ушул”, — дейт Садыр Жапаровдун жактоочусу Акин Токталиев.