2021-жылдын 11-февралында Кара-Суу РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө 17 жашар баланы тоноого шектүү катары 4 жаран кармалды.  

2021-жылдын 07-февралынан 08-февралына караган түнү саат 00:00 чамасында  Кара-Суу РИИБине Кара-Суу районунун тургуну 37 жаштагы А.З.А. арыз менен кайрылып, анын уулу 17 жашар У.уулу Б. Ош облусттук ооруканасынын жанынан таксиге чыгып жолдо бара жаткан учурда таксинин ичинде тѳрт бейтааныш адамдар баласын күч колдонуу менен коркутуп, анын “Редми 9” үлгүсүндѳгү кол телефонун тартып алышып,  Кара-Суу районунун Мады айылына жетпеген аралыкта машинадан түшүрүп кетишкенин билдирген.

Арыз, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 201-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кара-Суу РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүү менен ал жердин карта схемасы, тийиштүү фото-таблицаларын түзүшкөн.

Жазык ишинин алкагында кылмышка шектүү катары 2021-жылдын 11-февралында саат 04:35 чамасында Кыргыз Республикасынын ЖПКнин (жазык процесуалдык кодекси) 98-беренесинин талаптарына ылайык, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн тургундары 22 жаштагы      К. уулу Н., 21 жаштагы Б. уулу Р., 21 жаштагы К. Б., 21 жаштагы А. уулу М.  кармалышып, Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жазык ишинин алкагында Ү. С. Ж.га таандык “Мерседес-Бенц 200” үлгүсүндѳгү автоунаасы буюм далил катары табылып, айып короосуна коюлду. Аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы