Бишкектин четиндеги ГЭС-2 айылындагы үйлөрдүн биринде жарылуу катталып, бир адам каза болуп, дагы бирөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн жаратылыш газ түтүкчөсү жарылган. Жарылуудан 13 жаштагы бала каза болгон.
Кырсык катталган жерге саат 15:00дө Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, саат 15:05те Ыкчам нөөмөт бөлүмүнөн 2 өрт-өчүрүүчү-куткаруучу жана Газ кызматынан бир бригада тартылган.
Куткаруучулар каза болгон баланын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды өздүк унаасы менен ооруканага жеткиришкен, абалы канааттандырарлык.