Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенко көптөгөн өлкөлөрдү каптаган «глобалдык нааразычылык» эл аралык коопсуздукка коркунуч туудурат деп эсептейт, анткени ал «планетаны коңторуп салууга» жөндөмдүү, деп билдирет РИА Новости.

Анын айтымында, нааразычылык акциялары Жердеги тутумдук саясий жана социалдык кризистин чагылдырылышы, ал «учурдагы дүйнөлүк тартиптин негиздерин» жок кылууга жөндөмдүү. «Планета коңторулуп кете электе, бул теманы эл аралык деңгээлге жеткирүү мезгили келди», — деп эскертти Лукашенко.

Ал кошумчалагандай, жакында эле Беларуссиянын бийлиги  «позицияларды жакындатуу жана жалпы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун иштеп чыгууну» үйрөндү. Муну Минскинин ортомчулугу менен каралып жаткан бир катар тынчтык эл аралык демилгелер көрсөтүп турат, деп белгиледи мамлекет башчы.

Беларуссияда 2020-жылдын 9-августунда өткөн президенттик шайлоодон кийин жети айдан бери нааразычылык акциялары уланууда. Акциялар полиция жана ОМОН тарабынан катуу басылып жатат. Он миңдеген адамдар камакка алынды, көпчүлүгү изоляторлордогу кыйноо жана токмоктоо жөнүндө сөз кылышты. Коопсуздук күчтөрү менен болгон кагылышууда төрт адам каза болду. Ондогон адамдар түрмөгө кесилген.