Мурунку баш калаанын мэри Нариман Тюлеевдин буга чейинки соттук иштери объективдүү каралса, ал анда толук акталат,  – деп билдирди саясатчы Феликс Кулов.

Мындай пикирин ал Еlgezit.kg порталына билдирди.

– Феликс Шаршенбаевич, Нариман Тюлеевдин иши саясий буюртмабы? Эгер ошондой болсо, ал кимге керек, эмнеге?

– Эгер ага козголгон кылмыш ишинде юридикалык негиз жок болсо, анда аны куугунтук деп атасак болот. Ал жеке дагы жана саясий да болушу ыктымал. Мен ким экенин так айта албайм, себеби ушундай божомолдоп эле айтууга туура келип жатат.

Тюлеевдин иши эмненин негизинде каралды эле? Анын иши каралып жатканда кандайдыр бир мыйзам бузуу болду беле?

– Бул адамдын ишинде мыйзам бузуулар арбын. Мэрияга автобустарды сатып алууда анын баасын жасалма жол менен жогорулаткан деген негизги айыпталуучу кылып кармашкан. Бирок Тюлеевдин жактоочулары ага каршы бардык документтерди берсе дагы, аны жокко чыгарышкан. Ошондой эле Тюлеевдин ишинде сот тарабынан процессуалдык бузуулар да болгон жок деп айта албайм. Анткени ал ошол кезде депутат болчу, ал эми депутат кол тийбестикке ээ. Аны кармап, камакка алуу Жогорку Кенеш тарабынан макулдук берилмек. Андай болгон жок. Демек, бул мыйзамга дал келбеген нерсе. Эсимде, биз депутаттар менен анын кармалуусу боюнча Башкы прокуратурага барганыбызда ага козголгон ишти бербей коюшкан. Керек болсо аларда негиз да жок болчу. Эптеп эле аны кармаш керек болчу деп эсептейм.

– Сиздин пиринизде Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жарандын туугандарына катталган мүлктөрдү тартып алуу жана ал мурдатан бери топтоп келаткан байлыгын тартып алуу туурабы?

– Бул болуп көрбөгөндөй башаламандык. Анын атасынын, алыскы эле туугандарынын мурунку аялынын байлыктарын тартып алуу мыйзамда жок. Бул нерсе атайын органдар тарабынан жасалган эмес, ал бир тергөөчүнүн калькулятору менен саналып, тартылып алынган мүлк.

– Эми мындан ары Нариман Тюлеевдин иши кандай болот деп ойлойсуз?

– Эгер объективдүү каралса, ал акталат.

 

Булак: Elgezit.kg