Ош шаарында 2 өспүрүм бычакталды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 14.10до Ош облустук ооруканасынан Ош ШИИБнын нөөмөт бөлүмүнө бычакталып 2 жаш бала түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Тилекке каршы алардын бирөө 2004- жылы туулган К. Б. ооруканада көз жумган. Экинчи 2004-жылы туулган Н. С. оор абалда. Операция жасалууда. Учурда бул кылмышка тиешелүү шектүүлөр изделип жатат. Шектүүлөр бар. Жаш балдарга кол салган адамдарды кармоо боюнча милиция кучөтүлгөн тартипте издөө ишин баштады. Жабырлануучулар Нариманов орто мектебинин 10-классынын окуучулары. Окуя мектептен сырткары, мурдагы «Ареопаг» дукөнүнүн арткы тарабында болгон.

Учурда шектүүлөр изделүүдө