ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери уурулук жана тоноо менен алектенген кылмыштуу топту кармашты.

Жылдын башынан бери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында көчөлөрдөн тоноп, дүкөндөрдөн уурдаган бир катар фактылар аныкталган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Бишкек шаардык Свердлов РИИБнүн КМКнын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, шектүүлөрдүн өздүгүн аныкташкан.
Азыркы учурда тоноо менен уурулуктун 7 фактысы аныкталды.
Андан сырткары болжолдуу маалыматтар боюнча кылмыштуу топтун мүчөлөрү уурулук менен тоноонун 10 ашык фактысын жасоого шектелишүүдө. Бул кылмыш иштери ушул жылдын январь айынан бери жасалып башталган. Тоноолор көбүнчө «Восток-5», ЖЭБ (ТЭЦ), ЧЧКнын (БЧК) аймактарында жасалган. Бул фактылар КЖБРге катталып, Свердлов РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Жазык Кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча тергөө иштери жүргүзүүлүдө.
Тоноочулар түнкү маалда кол салып, акча каражаттарын, уюлдук телефондорун тартып алып жүрүшкөн. Көчөлөрдө унаалары менен жүрүп, өзүрүнө ыңгайлуу жерлерден адамдарды тоноп, андан соң издерин жашырып качып кетип жүрүшкөн.
Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери шектүүлөр кандай автоунаа менен жүргөндүгүн “Коопсуз шаар” долбоору аркылуу аныкташты.
Ошондой эле, кылмышкерлер Бишкек шаарында жайгашкан Кара-Жыгач конушунда жана Сокулук районунун Шопоков айылында жайгашкан дүкөндөрдүн эшиктерин талкалап кирип, азык-түлүктөрдү, акча каражаттарын, ноутбук жана башка буюмдарды уурдоого шектелишүүдө. Бул фактылар КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
ИИМдин КМКнын карактоонун жана тоноонун бетин ачуу боюнча бөлүмдүн жана Свердлов РИИБдин КМКнын кызматкерлери комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө шектүүлөрдүн өздүгү такталып, кармалды.
-Бишкек шаарында жашап жаткан Ысык-Көл облусунун тургуну 1996-жылы туулган Колботбеков Раис, мурда уурулук үчүн соттолгон.
-Бишкек жаарында жашаган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну 2000-жылы туулган Камчыбеков Даниель, мурда уурулук үчүн соттолгон. Негизги жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулуп, 2 жыл 1 ай 26 күнгө пробациялык көзөмөлдөө үчүн бошотулган. 2020-жылдын сентябрь айында көзөмөлдөөнүн талаптарын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Департаментинде каттоого кабыл алынган.
-Бишкек шаарында жашап жаткан мурда соттолгон Талас облусунун тургуну Н.уулу К., кылмыш жасоо учурунда айдоочу катары жүргөн.
Азыркы учурда кармалган жарандар ушул сыяктуу башка кылмыш иштерин жасоого шектелишүүдө. Иликтөө жүрүп жатат.
Тоноочулардын колунан жабыр жаткандар же алар боюнча кандайдыр-бир маалыматтарды билгендер болсо төмөнкү телефон номурларына байланышып коюңуздарды суранабыз: ИИМдин КМК-0778424264, 0770701770.

ИИМдин Басма сөз кызматы