Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасы боюнча келишим ратификацияланды. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Элчиликтин билдирүүсүнө караганда, күн мурун, 10-февралда Түркиянын парламенти Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Түркияда медицина жаатында жана медициналык адистиктер боюнча билим алуу жөнүндө келишимди ратификациялады.

Түркиянын президенти келишимди ратификациялоо жана анын күчүнө кириши жөнүндө Түркия Республикасынын мыйзамына кол койгондон кийин, оорукана андан ары толук кандуу иштеши үчүн керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылат.

Келишимге ылайык, түрк тарабы жыл сайын 20 кыргыз дарыгери үчүн Түркияда медициналык адистиктер боюнча окууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле Кыргызстандагы медициналык билим берүү жана медициналык адистиктер боюнча окутууга багытталган окуу программасын иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.

Маалымат үчүн: бул Келишимге 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2019-жылдын 18-апрелинде Келишимди ратификациялады жана 2019-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Түркиянын гранты менен каржыланган заманбап клиниканын курулушу ТИКАнын координациясы менен 2016-жылдын июнь айында башталып, 2017-жылдын ноябрь айында аяктаган. Ооруканада 72 керебет бар (анын ичинде жандандыруу бөлүмүндө 21 керебет). 2020-жылы коронавирус пандемиясын эң жогорку чегине жеткенде, оорукана коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн убактылуу ачылган.