Чыгарма эрмек үчүн жазылбайт. Жүрөктө айта турган , окурмандарга билдире турган ойду арманды , айталбаган сырларды катат. Орус тилинде жазган акын  Азиз Исраилов Пилигрим менен Kadam.media kg  маалымат порталы баарлаштык.

Азиз Исраилов Ташкент шаарынын Чирчик районунда 1980- жылы 27- январда төрөлгөн. 14 жашынан бери ыр жазып келет.

Апам негизи кыргыз , беш жашымдан бери Кыргызстанда Бишкекте чоңойдум десем болот. Окууну бүтүп Юридикалык окуу жайга тапшырдым. Анан 4 курста окуп жатып , окууну таштоого мажбур болдум. Анткени апам рак оорусуна чалдыгып калды .Апамды карап ооруканалап жүрүп калдык. 15 жылдан бери оору менен күрөшүп келебиз .Шүгүр учурда абалы туруктуу. Жакын адамың ден соолукта жүргөнү бул эң чоң бакыт.

2018- жылы 9 жыйнак жана 8 китеп чыгарылган. 9 китеп кыргыз тилинде которулду. Интернеттен жана сайттардан сатып алгандар болот. Саткан китептеримден түшкөн акчаны , негизинен кайрымдуулукка жумшап келем. Карылар үйүнө, балдар үйүнө , ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге , ДЦП менен жабыркаган балдарды реабилитациялоо борборуна  колумдан келгенче жардам берип турам.

Кайрымдуулук – бул, адамдарды, коомду боорукердик, адамгерчилик жана кайдыгер болбогонго тарбиялайт.

Чыгарма эрмек үчүн жазылбайт. Жүрөктө айта турганың, окурмандарга билдире турган оюң , сырларың катылат. Ойлор чыгармага айланат. Мен чыгармаларым аркылуу адамдарга бири- бирине болгон байланышты жакшыртуу ,  ,ата -энеге болгон мээрим ,Мекенге болгон сүйүү жана баалуулуктарды сактоого үндөп ,билдиргим келет.

» Материнская душа» , «Услышать небе разговор» , » Прогулка облоках » жана башка көптөгөн ыр жыйнактардын автору.

» Эненин жан дуйнөсү » деген поэтикалык жыйнак анын кыргыз тилиндеги алгачкы китеби.

Азиз Исраиловтун каймана аты Пилигрим. Пилигрим “касиеттүү адам” деген маанини билдирет , кыргызча айтканда Дербиш. Мурда мындай адамдар дүйнө кыдырып , адамдарга жакшылыктын үрөнүн сээп, турмуштагы жаман нерселерден алыс болууга үндөп чыкырып келишкен.

Каарманыбыз  тууралуу, Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Мусакун Сатыбалдиев :

» Азиз ошол өткөндөн калып , унутулуп бараткан озуйпаны өз мойнуна алып, жаңы өңүттө дейбизби , акындык шыгы менен улантууну көздөгөн туюлат » — дейт.

Даярдаган        Орозгүл Аташова