Жамгыр жааган сайын жолдун абалын ойлоп кыжырым келе берчү. Бирок ушул жамгыр мени сүйүүгө, өзүм арзыган адамга кезиктирет деп эч ойлогон эмес элем. Дал  ошол жамгыр себеп болуп тапкан адам мени бүгүн түйшүккө салып турат. Кеп башынан болсун.

Айылда мектепте жөнөгөндө, өзгөчө жаз мезгилинде жамгыр жаап жолдор укмуш ылай болуп, чоң жолго чыкканча бут кийимдерибиз көрүнбөй кала турган. Кээде атамдын өтүгүн кийип чоң жолго чыгат элек асфальтка. Атам же инилерим өтүктү кайра үйгө көтөрүп кетчү. Мектептен келе жатканда кайра эле ошол жолдон үйгө жеткенче бут кийимибиз ылайга батып булгана турган.

Мектепти аяктап жогорку окууга окуу үчүн шаарга теэжемдин үйүнө келдим. Алар  Арча-Бешикте  турчу. Айылдын ылайынан кутулдум десем бул жерде деле айылдан айырмасы жок экен.

Бир күнү эрте менен окууга жөнөп жаңы эле үйдөн чыккам. Түндө сабак  окуп кеч жатып уктап калыптырмын. Шашып ылай жолдон абайлап араң басып келе жаткам. Артымдан машина келди да көлчүктөгү сууну үстүмө чачыратып өттү. Ошол кездеги абалымды сөз менен айтуу кыйын эле. Кыз болсом да ашатта сөктүм бирок ичимден. Жанагы балага колумду кезеген бойдон кала бердим. Өзүм кечигип жатсам да кайра артка келип кийимдеримди которуп чыктым. Кебетемди көрүп бөлөм каткыра күлдү.

Кобуранып көчөгө чыксам жанагы машина токтоп туруптур эшиктин астында. Мени көрүп терезесин түшүрүп:

– Жакшы кыз кечирип коюң. Көлчүк бар экенин байкабай калыпмын, – деди.

Кабагымды бүркөгөн бойдон карап,

–  Көзүңө карап айдайбайсыңбы кечигип жатканда, – деп бурк эттим.

– Таарынбаңыз жеткирип коем, кайда барат элеңиз, – деди.

– Манаска, – дедим.

– Сиз да ошол жакта окуйсузбу, мен да ошол жакта окуйм жүрүңуз кечигип  жатабыз, – деди.

Эшигин ачып отурдум да тарс жаптым. Байкуш жигит көздөрүн чоң ачып караган бойдон унаасын ордунан жылдырды.

Көрсө ал жигит Манаста экинчи курста окуйт экен. Өзү Баткендин кулуну экен.

Ошентип экөөбүз күндө окууга чогуу барып достошуп калдык.

Чынында Баткендиктер кашы көзү капкара,сулуу болушат экен. Күндөн-күнгө ага көнүп бараткандаймын. Жамгырды жаман көргөн жаным жамгыр жааса экен деп тилечү болдум. Анткени жамгыр же кар жааганда сөзсүз ала кетет.

Кыш келип кар жаады. Жолдор тайгак, досум унаасын көп айдабай калды.  Жекшемби күнү кир жууп жүрүп тайгаланып жыгылып белимди сындырып алдым. Ооруканада сакайганча бир топ жаттым. Баткендик досум күн алыс келип турду. Мен ойлогом болду эми мени карабайт го, оорукчан кызды эмне кылмак эле деп. Тескерисинче аябай боорукер жигит экен. Абалымды сурап, маанайымды көтөрүп, окуудагы жаңылыктарды  айтып берип турат.

Бир ирет апам көрүп аябай сураган ким бул, эмнеге сага күндө келет деп. Курсташым деп койгом. Эми ал досум мени жактыраарын, сакайып чыксам колумду сурап үйгө келээрин айтып жатат. Бирок, мени ойлонткон нерсе ата-энем ыраазы болот бекен.  Жамгырдын артында жеткен сүйүүм же жамгырга жуулуп кала береби? Кандай кылсам астыртан эле апама айтсамбы? Ыймандуу, мени сыйлаган адамга кайра кезигемби? Азыр башка кыздар чет өлкөгө деле турмушка чыгып жашап жатышпайбы деген ойлор мээмди курчап алган…