Баткен облусунун тургуну Зулпидин Нурматов (Максым Баткенский) маркет ачты. Өзгөчөлүгү жалаң КРда өндүрүлгөн товарлар сатылат. «Мекен даамын бизден татыңыз!» деген ураандын негизинде ачылган маркет чет жердеги мекендештерди ата мекендик өндүрүш менен камсыз кылууну жана аны жайылтууну максат кылат. Учурда маркет толук бүтүп, ишин баштаган.
– Саламатсызбы, Максым байке? Маркет ачууга эмне түрткү болду?
– Москвага келгениме 15 жыл болду. Иштөө убактысы келди деп ойлоп, «Бисмиллах!» – деп ишти баштадык. Москва шаарында 100 км радиуста миллионго чукул кыргызстандык бар, бул деген бир облустун калкынан көп. Эгерде биз бүт Кыргызстандыктарга өзүбүздүн өндүрүштү жеткирип берсек, мекендештер соода кылып турушса Кыргызстандын экономикасына чоң пайда болмок. Өзгөчө Баткендин өрүгүнө, күрүчүнө, малина, алмасына ж.б. мөмө-жемиштерине суроо талап көп.
– Товарларды ташып баруу да оңойго турбаса керек, дегеним баалар кардарларды канааттандыруудабы?
– Ооба, КРдан алып келүү маселеси чындыгында оор, кээ бир учурда КРдан келген товардын баасына эки эсе кошулуп калат. Биздеги көп товарларды чек арадан Орусияга алып кирүү маселеси оор.
– Дал ушул сиз айтып аткан оорчулукта товарларды чек арадан өткөрүү жана башка көйгөйлөрдө элчилик,дегеле,мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп, колдоо болдубу?
Эч кандай жардам көрсөтүлө элек, бирок мамлекеттик деңгээлде ушуга жакшы көңүл бөлүнсө, мекенибиздин өнүгүшүнө өтө көп салым кошулмак. Эгер товарларды алып келүү мыйзамдаштырылып, арзан болсо товарларда биздин дүкөндөрдө арзандамак. Азыркы учурда Москва шаарында Кыргыз дүкөндөрү көбөйүүдө бирок азыркы дүкөндөр миллионго жакын кыргызстандык жашаган Москва шаары үчүн аз деп ойлойм. Эгер Москвада жашаган бүт кыргызстандыктар кыргыздардын дүкөнүнө басым жасаса, бизге жүздөгөн дүкөн болсо да аздык кылат. Анан биз бир гана кыргызстандыктарга басым жасабай, жергилүктүү элди да акырындык менен КРнын азык-түлүктөрүнө үйрөтүүбүз керек. Мисалы, азыркы учурда Баткендин чыгып жаткан «Нукура» конфетин биздин дүкөндөн жергилүктүү эл көп алып жатат. Эгерде 150 миллион калкы бар Орусияны ушундай өзүбүздүн өндүрүшкө үйрөтсөк, келечекте бир күндө жүз миңдеген конфет сатсак болот.
– 15жылдан бери чет жерде экенсиз, мекенге кайтып келүү, бизнесиңизди бул жактан да жайылтуу оюңуз барбы?
Албетте, ошон үчүн РФ жарандыгын албай жүрөм. Буюрса, мекенге барып да кызмат кылам деген ойлор бар. Аны эми убакыт көрсөтөт.
– Сиздин «Facebook»социалдык тармагында белгилүү экениңизди билебиз, белгилүүлүгүңүз ишмердүүлүгүңүзгө таасирин тийгиздиби?
Анча деле белгилүұ эмесмин) Бирок кандайдыр бир деңгээлде маркет ачууга түрткү болду десем жаңылышпайм. Анан ушул Максымды колдоп коëлу деп соода кылганы келген мекендештер арбын, шүгүр!
– Маек үчүн ыраазычылык билдирип, ийгилик каалайбыз!
Булак: Баткен деми, маектешкен Гүлкайыр Масеитова.