Президент Садыр Жапаров «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын 120 жылдыгын жогорку улуттук деңгээлде майрамдоо боюнча өкмөткө уюштуруу комитетин түзүү, иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлүү сунушталган.

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда азыркы Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү. Анын 1930-жылдары кыргыздарды ачарчылыктан сактап калышы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды.