Азыркы учурда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу, – деп кабарлайт Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-февралында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кара-Белес жерлигинде Кыргызстандын Ала-Бука багыты жана Өзбекстандын Пунган багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын кадастр органдарынын адистери жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу аталган райондун Кара-Белес жерлигиндеги кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара сызыгынан өтүүсүн 2017-жылдын 5-сентябрындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда келишилген Келишимдин негизинде тактоо максатында болуп өттү.

Адистердин жеринен чек ара сызыгын тактоо боюнча иш алып баруу учурунда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кош-Болот жерлигиндеги 40 чакты жергиликтүү жашоочулар топтолуп аталган аймактагы чек ара сызыгынан өтүүсүнө өздөрүнүн макул эместигин билдиришкен.

Кырдаалдын күчөп кетпөөсүн эске алып чек ара сызыгынан тактоо иштерин токтотуп, чектешкен аймактагы жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Азыркы учурда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.