Экс-айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Райымбек Матраимовго байланыштуу соттун чечими боюнча пикирин кечээ Facebook баракчасына жазды.

“- Райымбек Матраимовго байланыштуу соттун чечими бүгүн гана чыкты, — деп жазат Тилек Токтогазиев. — Матраимов түрмөдө отурушу керек, анткени уурулар жазаланышы керек. Бул дагы менин принципиалдуу позициям. 5-октябрда биз үч шарт менен аянтка бардык: шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын, Сооронбай Жээнбеков кетсин, Матраимов түрмөгө отурсун деп.Үчүнчү талап сөзсүз аткарылыш керек”,-деген.

Ал министр болуп туруп, ар дайым өз позициясын билдиргенин белгиледи.

“Мага — «министр болуп жүргөндө эмнеге өзүңдүн позицияңды айтпай жүрдүң эле, үнүңдү чыгарбай жүрдүң эле» — деп сын айткандарга жооп:

2020 жылдын 18 ноябрда министр болуп турганда, конституциянын жаңы редакциясынын кемчиликтерин ачык эле айтып чыккам. Ага каршы болгом. Өкмөттүн мүчөсү катары, кызматка карманбай, жумуштан кетүүгө даяр болуп, принципиалдуу позициямды билдиргем. Командабыз менен биргеликте бул чечимди кабыл алганбыз.

Бул билдирүүнү жазаганда, мени өкмөткө чакырышкан. Өкмөт мүчөлөрү саясий чечимдерге кийлигишпеш керек дешти эле. Анда — «Иштерибиз туура эмес болуп баратса, мен бетке эле айтам. Интригаларга аралашпайм. Бул менин принципиалдуу позициям.» — деп жооп бергем.

Матраимов боюнча сот чечими бүгүн гана чыкты. Матраимов камалыш керек. Уурулар түрмөдө отуруш керек. Бул дагы принципиалдуу позиция”,-деп жазат экс-министр.