Кылмыш-кырсык

Ысык-Көлдө Бишкек шаарынын тургундары байланыш зымдарын уурдап жаткан жеринен жергиликтүү жаштар тарабынан кармалды

Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев аймактын жергиликтүү жаштары менен кезиккен учурда, аларды кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкерлерине өздөрүнүн колдон келген жардамдарын берүүгө чакырып кеткен. Аталган чакырыкты коомчулуктун активдүү катмары толук колдоого алышкандан улам, өзүнүн жемиштүү натыйжаларын бере баштады.

Алып айтканда, 11-февралга караган түнү, болжол менен саат 01.00 чамаларында, Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында түнкү күзөт иштерин жүргүзүп жатышкан жаштардын көӊүлү, белгисиз «Камри» үлгүсүндөгү автоунаага бурулат. Белгисиз автоунаанын артынан аңдыган жаштар, аталган автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү айылдын четиндеги Кыргызстандагы уюлдук операторлордун бирине таандык болгон байланыш зымдарын зым карагайынан кесип, уурдап жатканына күбө болушат. Ошол замат, алар уурдоого шектүү адамдарды кылмыш жасап жаткан жеринен кармашып, уюлдук телефон аркылуу өздөрүнүн аймактык милиция кызматкерине жана Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө билдиришет.

Алардын билдирүүсү Ысык-Көл РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200 (Уурдоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишине алынат.

Кылмыш болгон жерге келишкен райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу келишип, тийиштүү процессуалдык иш кагаздары толтурулуп, кармалган адамдар жана алынган далил заттар ички иштер бөлүмүнө жеткирилет. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү адамдардын өздүктөрү такталат. Алар, 26 жаштагы Бишкек шаарынын тургундары М.Ч. жана С.А., ошондой эле 24 жаштагы Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну О.А. болуп чыгышты. Алгачкы суракта, шектүү катары кармалышкан адамдар Ысык-Көл районуна караштуу  Сары-Ой, Тамчы, Тору-Айгыр айылдарынан байланыш зымдарын уурдашкандарын моюндарына алышты.

Алардан далил зат катары 144 метр узундукту түзгөн байланыш зымдары алынды. Ал эми, айдап жүрүшкөн «Камри» үлгүсүндөгү автоунаа райондук милициянын атайын токточуу жайына токтотулду.

Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча, шектүү катары кармалышкан адамдар Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иш алкагында тергөө амалдары уланууда.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button