Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп Абышев Кылычбек Асаналиевич дайындалды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ал буга чейин өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болгон. Жогорку Кеңештеги эмгек жолун 2002-жылы депутаттын жардамчысы болуп баштаган.