Бишкекте маршруткада телефон уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү Бишкек ШИИББинин “102” кызматына болжол менен саат 19:45 чамасында Горький жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен чөнтөк телефонумду уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кызматкерлер келип, маалыматты тактаганда 1975-жылы туулган Т.А. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын ичинен арыз ээсинин чөнтөгүнөн баасы 30 миң сомдук телефонун белгисиз жарандар уурдап кетишкен. Ыкчам-изилдөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.У. аттуу жаранды кармашып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.