2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2020-жылдын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков “Кесиби боюнча мыкты” эсептелген кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Отурум сыйлыктарды салтанаттуу түрдө тапшыруу менен башталып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Кесиби боюнча мыкты” сынагы жыйынтыкталды. Аталган иш-чара ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу, кызматтык тартипти бекемдөө, мыйзамдуулукту сактоо менен өз кызматына болгон шыктануусун күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин жобосуна ылайык өткөрүлүп келет. Ошондой эле, ар бир кызматкердин демилгесин, активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жогорулатып, профессионалдык чеберчилигин көтөрүүгө шарт түзөт.
Ички иштер органдарынын ар бир кызматтарында ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн, күжүрмөн жана физикалык даярдыгынын, кызматтык тартиби менен мыйзамдуулуктун абалынын жыйынтыгы боюнча кызматкерлерди баалоо критерийлери иштелип чыккан.

Ал бул сынактык жеңүүчүлөрү болуп, 2020-жылдын жыйынтыгы менен мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн кызматкерлер аталды.

2020-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча «Кесиби боюнча мыкты» сынагынын жеңүүчүлөрү төмөнкү номинацияларда:

— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин мыкты аскер кызматкери» — Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан өзүнчө ротасынын командири, капитан Маматов Айбек Алиханович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери» — Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын майору Абдираимов Авазбек Назырович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын мыкты тергөөчүсү» — Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү тергөө иштери боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Токтогонов Урмат Ишембекович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын мыкты ыйгарым өкүлү» — Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмүнүн алгачкы текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын ага лейтенанты Ахметов Улан Русланович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери» — Бишкек шаарынын ИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги Бекбоев Салават Муратбекович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» — Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ыкчам иликтөө башкармалыгынын 2-бөлүмүнүн начальниги милициянын майору Османов Кибар Байрамович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын мыкты милициянын участкалык уполномоченныйы» — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын ИИБнүн КККнын милициянын участкалык уполномоченныйы, милициянын лейтенанты Эркимбаев Белек Жеңишбекович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча мыкты участкалык инспектору» — Жалал-Абад облусунун ИИБнын Ала-Бука районунун ИИБнүн Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын улук участкалык инспектору, милициянын капитаны Нематуллаева Рано Джурабаевна;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам чара көрүү борборунун мыкты оперативдик нөөмөтчүсү» – Талас облусунун ИИБнын Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн оперативдик нөөмөтчүсү, милициянын майору Батырбеков Эгемберди Папанович;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын мыкты милиционери» — Чүй облусунун ИИББнын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун милиционери, милициянын улук сержанты Советбек уулу Медер;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын мыкты кызматкери» — Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Күзөт бөлүмүнүн взводунун командири, милициянын лейтенанты Болотбек уулу Урмат;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Атайын багыттагы полкунун мыкты милиционери» — Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун № 3 (Ош ш.) Жалал-Абад шаарынын өзүнчө ротасынын № 1 взводунун бөлүмчөсүнүн командири, милициянын улук сержанты Абдраимов Турар Абдывалиевич;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Атайын операциялар отрядынын мыкты күжүрмөн кызматкери» — Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарындагы өзүнчө ротасынын Ысык-Көл облусу боюнча Атайын операциялар отрядынын кенже ыйгарым укуктуу ыкчамкызматкер-жоокери, милициянын старшинасы Шаймукамбетов Саламат Шейшенбаевич;
— «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мыкты милиционери» — Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жалал-Абад облусунун ИИБгы боюнча ЖКККБнүн тобунун кенже инспектору, милициянын старшинасы Айтмаматов Бексултан Абдимиталипович;
-«Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам криминалистикалык борборунун мыкты кызматкери» — Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБнын Ыкчам криминалистика бөлүмүнүн инспектор-криминалисти, милициянын майору Аттокуров Медербек Мөнөкбаевич.

Айтылган кызматкерлердин бардыгы сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол сааты менен сыйланышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы