8-март эл аралык  айымдардын күнүнө карата «Нурлуу кайрымдуу кыздар» кайрымдуулук фонду медайымдар арасында сынак жарыялады. Анда пандемия учурунда кызыл зонада иштеген, адам өмүрүн сактоодо өзгөчө салымы менен эсте калган медицина кызматкерлери катыша алат. Сынактын шартына ылайык, конкурска катышуучулар башынан өткөргөн оор күндөрдү баян кылып жазып жана өзгөчө эмгегин  чагылдыруусу зарыл.

Конкурска катышуучулар баян, фото-видео фактыларды электрондук түрдө, 2021-жылдын 2-мартына чейин 0702290808, 0990290808 ватсап номерине жибере алышат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө төмөнкүдөй байгелүү орундар каралган:

1-орун – Автоунаа;

2-орун – Түркияга эки кишилик жолдонмо;

3-орун – Телевизор;

4-орун – Муздаткыч;

5-орун – Кир жуучу машина.

Сурап-билүү телефондору: 0702290808, 0990290808.