Буга чейин байларда жүрөк жок, кара мүртөз сыяктуу элестет элем. Бул оюмдан кайтуумдун себебин толугураак айтып берейин.

Кыргызстанда жумуш жок болуп, атамдар кредит төлөй алабай калганда  эжекем экөөбүз Екатеринбурга иштегени келгенбиз. Эжем  жумуш издеп жүрүп бир байдын офисине пол жуугуч болуп ишке орношту. Эжем жумушка так, такыр кечикпейт, тыкан таза иштегени жагып, жетекчиси,  «өзүңдөй дагы бир кыз тапсаң үйгө иштегенге эки кыз керек болуп жатат. Буга чейинки иштеген кыздар үйүмдү тоноп кетишти. Көптөр бой жеткен балама кызыгышып, эптеп анын башын айландырып турмушка чыгып биздин байлыкка ээ болгусу келет. Мага андайлар жакпайт. Макул болсоң үйүмө иштеп бер», – деп суранып калат. Эжекем ойлонуп көрөйүн деп коет.  Алгач үйгө келип айтканда экөөбүз көпкө ойлондук. Адам болгон соң ар кандай ойлор келет экен. Бир чети корктук, балким үйүнө алдап алып барып башка жумуштарга салсачы деп да ойлодук. Акыры кел  орустар законду жакшы билишет, «келишим» түзүп иштешели деп көрөлү дедик. Эжем эртеси барып жетекчисине келишим менен иштешели алгач бир жылга түзөлү десе дароо макул болуптур. Экөө компаниянын юристтин чакырып ошол жерден бир жылга келишим түзөт. Ошентип, орустун айдоочусу бизди токойдун арасында жайгашкан заңгыраган бир үйгө алып келди. Ичине кирсең таң каласың. Биздин жасаган жумуштар аларга жагып акырындан достошуп бараттык. Руслан деген баласы бар экен студент. Бою узун орустун кыздары өздөрү артынан чуркайт экен.

Килтейген бир компанияны жетектеп, байлыгы ашып жатса да баласын аябай жөнөкөй кылып тарбиялаптыр. Окуусунан тышкары өзү иштейт экен.

Күндөрдүн биринде Руслан маанайы жок келди. Ашканада идиш жууп жаткан элем.  Мени Гуля деп койчу.

– Гуля айтчы, сени жакшы көргөн адамың көзүңө чөп салса эмне кылат элен, – деп сурады.

– Билбейм, мен андай олуттуу мамиле деле түзүп көрбөгөм, – дедим.

– Сен билесиң да менин артымдан көп кыздар чуркайт. Көбүнө байлык гана керек. Бирок мен жакшы көрүп жүргөн Карина бар эмес беле, массажист жигит менен жүрүп кетиптир. Аны курбусу жиберди сүрөттөрүн. Өзүнө жиберип кош бол деп жазгам. Карасаң туура 60 ирет чалды, – деп телефонун көрсөттү.

Көңүлү жок сыртка чыгып кеткен. Кеч киргенде кичинекей жүдөө эки баланы ээрчитип кирип келди. Таң кала карап калдык.

– Гуля, бул экөөнү  жуунтуп, тамак берип койчу сураныч, – деди.

Эки бала, аябай арык, кир, жүдөө, ачка экени байкалып турду. Көздөрүндө коркуу, жалтаңдык, уяңдык.

Аңгыча, Русландын атасы келди жумуштан. Балдарды карап болгон окуяны сурады.

– Тагдырыма нааразы болуп паркта отурсам, бул кичинекей кыз акча сурап келди. Алгач муну бирөө жиберди же досторум тамашалап жатат. Балким, Карина ушундай жол менен кечирим сурайт го деп ойлогом. Акча берип, артынан ээрчип барсам, дүкөндөн булочка алды да көп кабат үйдүн ичине кирди. Артынан шек алдырбай барсам жер төлөгө кирди. Ал жерде келемиштер журүптүр. Анан кичинекей баланын үнү чыкты. Байкасам булар экөө экен. Алгач  мени менен сүйлөшпөй коюшту. Алдап сурасам, балдар үйүнөн бирөөлөр багабыз деп алып кетип, үйүнө алып барып карабай коюшуптур. Аялы күйөөсү экөө тең ичишет экен. Сыягы буларды багып алуусунун себеби, мамлекет буларга берген акчага кызыкса керек. Боорум ооруп үйгө алып келдим. Ата, буларды өзүбүз эле алып калалычы, – деди. Атасы көпкө чекесин карамап туруп.

– Көрөбүз, – деп кабинетине кирип кетти.

Балдарды карап аябай боорум ачыды. Андан да Русландын боорукердигине баа бердим. Азыр чалчаңдаган байлардын балдары мындай балдарды карамак тургай, кыздан-кыз тандап, унаадан-унаа тандап, клубдан чыкпай жүргөнүнө күбө болуп жүрөбүз го.

Байкуш балдар ачка экен, жуунуп чыгып, тамак ичишип уйкуга кетишти. Сыягы көптөн бери тамак жебей, муздак жерде көпкө  жатып калышса керек. Айтайын дегеним беш кол тең эмес экен. Орустардын деле жакшылары бар турбайбы, кантсе да  улутубуз башка болгону менен баарыбыз пендебиз да…

Автор Жазгүл Баяналиева