Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (Финпол) 2020-жылдын декабрь айында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча Аалымдар кеңешинен арыз түшкөн. Бул тууралуу Финполдон билдиришти.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 233-беренеси («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») менен катталган.

Учурда тергөө иши жүрүүдө. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча салыктык текшерүү жана аудит жүргүзүлүүдө.