2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМде ички иштер органдарынын 2020-жылдын 12 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү.
Коллегияга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана райондук шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

 
Жыйындын негизги темасы катары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын өткөн жыл ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгаруу каралды. Андан сырткары, соттук-укуктук реформанын жүрүшү тууралуу жана 2021-жылга карата негизги уюштуруу иш-чаралар мерчемин талдап бекитүү жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактоонун абалы жана жарандардын укуктары менен коопсуздугун сактоо багытындагы негизги маселелер талкууга алынды.
Коллегияда биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков өз баяндамасында, ички иштер органдарынын 2021-жыл ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен жетишкендиктерди белгиледи. Ал негизинен үч бөлүктөн турган коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү жетишкендиктер жана орун алган кемчиликтер, коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча баяндама жасады.
“2020-жылы коомдук коопсуздукту камсыз кылууда ички иштер министрлиги өздөрүнө коюлган тапшырмаларды өз убагында аткара алды. Эпидемиялык татаал шартта милиция кызматы коомдук тартип камсыздоо багытында айрыкча, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал мезгилдеринде бардык посттордо, обсервациялык жайларда, чек ара тилкелеринде жергиликтүү бийлик органдары жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте сапаттуу иш жүргүзө алды. Андан башка да коомдук саясий жана социалдык кырдаалдарды турукташтурууда ички иштер органдарын татыктуу иш алып баргандыгын белгилеймин”, — деди министрдин биринчи орун басары.
“Карантиндик чектөөлөр аяктагандан кийин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу коомдук тартип камсыздалып, октябрь окуялары учурунда жарандык коом менен бирге өлкөнүн бардык аймактарында жалпы коопсуздукту камсыздоо иштери жүргүзүлүп, массалык талап-тоноолорго жол берилген жок. Андан кийин декабрь айынан баштап Президенттик шайлоо аяктаганга чейин коопсуздук чаралары ишке ашырылды. Жалпылап айтканда, 2020-жылы эпидемиялык абалды, коомдук-саясий кырдаалды турукташтырууда ички иштер органдары ишмердигин татыктуу алып баргандыгын билдирип кетмекчимин”,-деди ал.
“Жогоруда белгиленип өткөн эпидемиялык жана экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, ички иштер министрлиги бир катар жетишкендиктерге жетише алды. Атап айтканда, ченемдик укуктук базалар жакшыртылып, 67 укуктук ченемдик актылар иштелип чыкты.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртып, элге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн буга чейин 7 борбор, 16 пункт “Бирдиктүү терезе” аталыштагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү түйүндөрү ачылган. Ушул иш-чараны улап, 2020-жылы 8 жерге пункттар ачылды (Сүлүктү, Таш-Көмүр шаарларында, Ат-Башы, Өзгөн, Тон, Жети-Өгүз, Манас жана Бакай-Ата райондорунда). Быйылкы жылы 6 районго ушундай эле “Бирдиктүү терезе” пункттарын ачууну пландап жатабыз (Жумгал, Аксуу, Түп, Талас, Араван, Ноокен райондоруна).
Буга чейин 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагына пилоттук долбоор катары “Патрулдук милиция кызматы” ишке киргизилген. Бул кызмат өзүнүн ишмердигин жакшы жактан көрсөтө алгандыктан, 2020-жылдын декабрь айында Ош шаарына ушундай кызматты ишке киргиздик. Быйылкы жылы каржы-каражаттарга карап, талдоолордун негизинде дагы башка аймактарга киргизүүнү пландап жатабыз.
Чек ара чыр-чатактарын алдын алуу жана элдин коопсуздугун камсыздоону жакшыртуу үчүн, ички оптимизация иштерин жүргүзүп, Баткен облустук ички иштер органдарына 20 штаттык бирдик кошумча берилип, ишмердиги күчөтүлдү. Аны менен бирге, Лейлек районуна Ички аскерлердин кызматкерлери үчүн бардык шарты бар имараттын курулуш иштери жүргүзүлүүдө, аталган имаратты 1-чейректин аягында ачып, ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле, Баткен районунун аймагында ушуга окшогон имаратты 3-чейректин аягында ишке киргизебиз. Ош облусунун Кара-Суу районунда “Кызыл-Кыштак Айылдык милиция бөлүмү” ишке киргизилди.
Азыркы учурда эл арасында коомдук тартипти күчөтүү максатында, “Милициянын көчмө кабылдамасы” аталыштагы элди кабыл алууга бардык шарты түзүлгөн атайын жылып жүрүүчү 42 даана автоунаа кабылдамалары ишке киргизилип, ушул январь айынын ортосунан баштап эл арасында иштеп келүүдө. Бул иш-чара элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатып, коомчулук арасында келип чыккан көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө багытталган. Анын ичинде, 33 автоунааны демөөрчүлөрдүн жардамы менен (ЭККУ), 9 даанасын өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөр менен бөлүштүрүп, жер-жердеги ички иштер органдарына таратып бердик. Жакынкы арада демөөрчүлөрдөн дагы 6 автоунаа алууну пландап жатабыз. 2020-жылы эл аралык өнөктөштөрдөн жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жалпы 107 автоунаа алынып, жер-жердеги ички иштер органдарынын ишмердигин күчөтүү үчүн таратылып берилген.
Кызматкерлердин социалдык шартын жакшыртуу үчүн Нарын шаарына 60 батирлүү үй курулуп, кызматкерлерге тапшырылды, ошол эле учурда бардык шарты бар Кочкор райондук ички иштер бөлүмү курулуп, ишке киргизилди. Андан тышкары, Бишкек шаарында 216 батирлүү, Ош шаарында 240 батирлүү үйлөрдүн курулуш иштерин аягына чыгаруу мерчемделген”,-деп баса белгиледи Сүйүн Өмүрзаков.
“Негизинен, ички иштер органдарынын ишин жакшыртып, элге татыктуу кызмат өтөө үчүн бир катар пландар бар. Алардын негизгилерине токтоло кетсем: “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 306 жерге аппараттык-программалык комплекстерди орнотууну аягына чыгаруу (266 стационардык, 40 жылып жүрүүчү). Аталган аппараттар региондорго жана негизги мамлекеттик маанидеги трассаларга орнотулат .“Коопсуз шаар” долбоорун андан ары өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарынын кичи райондоруна “Коопсуз район”, “Коопсуз көчө”, “Коопсуз короо” аталыштагы долбоолорду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы ишке ашыруу боюнча уюштуруу чараларын көрүп жатабыз.
Жогоруда аталган жетишкендиктерден тышкары, кылмышка каршы күрөшүүдө орун алган жетишкендиктерге кыскача токтоло кетсем. Эл арасында резонанс жараткан ок атуучу курал колдонуп, каракчылык жол менен жасалган 10 кылмыштын бетин ачууга жетиштик. Алардын негизгилери Бишкек жана Чүй облустарында катталып, ыкчам иликтөөлөрдүн негизинде кылмышкерлер колго түшүрүлгөн. Аны менен бирге, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, ар түрдүү кылмыш жасаган уюшкан кылмыштуу топтордун 172 мүчөсү кармалды. Жалпылап белгилегенде, өткөн жылы 1 миң 229 кишиден турган 473 кылмыштуу топтор кармалган. Алар тараптан 1 миң 191 оор жана өтө оор кылмыштар жасалгандыгы аныкталган.
Бул иш-чаралар мындан ары дагы улантылып, кылмыштулукка каршы күрөшүү чаралары дагы күчөтүлөт деп белгилеп кетмекчимин. Дагы тактап айып кете турган болсом 2020-жылдын 12 айында ички иштер органдарына 132 миң 735 кылмыштар жана жоруктар катталып, 2019-жылга караганда 13,6% аз катталган.
Анын ичинде 72 миң 233 кылмыш катталып 2019-жылга 7,9% аз катталган. Ал эми жоруктар 60 миң 502 жорук катталып, 2019-жылга караганда 19,6% аз катталган.
2020-жылы өндүрүштө турган 47 миң 439 кылмыштар менен жоруктардын 33 миң 439нун бети ачылып, кылмыштар менен жоруктардын бетинин ачылышынын жалпы көрсөткүчү 69,7% түздү, башкача айтканда былтыркы жылга караганда 9 миң 984 учурга көп ачылган. Соттун кароосуна 15миң 267 кылмыш, 8 миң 29 жорук, жалпы жонунан алганда 23 миң 296 иши сотко жөнөтүлүп, 2019-жылга караганда 10 миң 188 ишке көп жөнөтүлгөн.
Жалпылап айтканда, 2020-жылы кылмыштар менен жоруктардын бетин ачуу, өндүрүш иштерин жүргүзүү, аны сотко жөнөтүү 2019-жылга жылга караганда салыштырмалуу натыйжалуу болду. Бирок, ошого карабастан ИИМдин коллегияларында коюлган тапшырмалар, аппараттык кеңешмелерде кабыл алынган чечимдер толук кандуу аткарылбай калган учурлар да жок эмес. Ысык Көл, Нарын жана Чүй областында кылмыштар менен жоруктардын бетин ачуу, сотко жөнөтүү жана кылмышкерлерди издөө багытында кемчиликтер бар.
Айрыкча, экстремизмге каршы күрөшүүдө жер-жердеги шаар-райондук бөлүмдөрдүн начальниктерине, ошондой эле башкармалыктардын ыкчам иштер боюнча начальниктеринин орун басарларына кайрылып кетким келет: Жасалма түрдө отчётту жогорулатууну токтотуңуздар. Себеби, экстремизм боюнча катталган кылмыштардын айрымдары формалдуу болгондугу байкалууда. Баңгизаттарга каршы күрөшүү багыты боюнча да кемчиликтер бар. 2020-жылы карата өлкөдө баңгизаттардын жүгүртүлүшүнө байланыштуу 1 миң 307 кылмыш жана укук бузуулар катталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4 тонна 335 кг баңгизаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жана башка бангизаттары алынган. 2019-жылга салыштырмалуу сандык жана сапаттык жактан айырмачылыктар жана кемчиликтер бар экендигин да айтты.
Жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча ал төмөндөгүлөргө токтолду. Негизинен, жол кырсыктары боюнча статистика менен гана чектелип келе жатабыз”,-деди Сүйүн Өмүрзаков. Ал жол кырсыктарынын жалпы абалына кыскача токтолуу менен жол кырсыктарынын алдын алуу багытында атайын чаралар өз денгээлинде жүргүзүлбөгөндүгүн белгиледи, айрыкча Чүй, Ош, Жалал-Абад областарында жана Ош шаарында жол кырсыктары өсүп кеткен. Статистиканын жалпы саны 8,1% төмөндөгөн менен каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны токтогон жок. Алсак, 2020-жылы 6 миң 126 кырсыгы катталып, 754 адам каза болуп, 9 миң 227 адам жаракат алды. Демек бул багытта үзгүлтүксүз иш-чараларды жүргүзүү керектигин белгиледи.
Министрдин биринчи орун басары сөзүнүн аягында кылмыштуулуктун алдын алуу, кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачууну жакшыртуу жана ошондой эле кызматтык тартипти да бекем сактоону, өздүк курам арасында таалим тарбияны жакшыртууну да учурдун негизги талаптары экендиги айтылды.
Коллегиянын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков ачылбай калган резонанстуу кылмыштар боюнча ыкчам-тергөө иштерди күчөтүү керектигин айтып, кылмышкерлерди издөө жана кармоо боюнча зарыл болгон иш-чараларды уюштуруу, кылмыш иштерин сапаттуу, калыс жана ар тараптуу иликтөө, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди күчөтүү, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн бардык багыттары боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.
«Биз – коомдун, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун эффективдү жолдорун камсыз кылышыбыз керек. Кылмыштуулукту алдын алууда, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштардын бетин ачууда, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында ишмердүүлүктү күчөтүү керек. Ошондой тергөө жана жоруктар боюнча кызматтардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу менен тергелип жаткан иштердин сапаттуулугун жогору көтөрө алабыз”,- деди Улан Ниязбеков.
Министр ички тартипти чыңдоо, мыйзам бузгандарды, кызматтык милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтери үчүн ар бир кызматкер жоопкерчилик тартаарын белгиледи. “Ошондой эле милиция кызматкери коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өзүнө тагылган милдеттерди так жана мыйзам чегинде аткарышы керек. Эч кандай саясатка кийлигишпестен коомдук тартипти сактоодогу парзын жана милдетин гана аткарышы керек. Таза иштеши керек. Мыйзам бузгандарга карата катуу чараларды көрөбүз”,- деди ал.
Коллегияда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын, Тергөө кызматынын, Жоруктар боюнча башкармалыгынын, Криминалдык милиция кызматынын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Коомдук коопсуздук кызматынын, башкармалыктарынын коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердүүлүгү толугу менен катуу электен өткөрүлдү. Жол коопсуздугун камсыз кылууда, криминалдык милиция кызматынын кылмыш бетин ачуудагы кемчиликтери жана алдын алуу иштери начар жүргүзүлүп жаткандыгын айтып ички иштер органдарынын жер-жерлердеги милициянын башчылары тарабынан кемчиликтер бар экендигине байланыштуу кескин сын айтып аны кыска мөөнөттүн ичинде жоюу тапшырмалары берилди.
Улан Ниязбеков коллегияны жыйынтыктап жатып өздүк курам алдына конкреттүү кошумча тапшырмаларды койду. Алдыда боло турган бардык шайлоо процесстерине киришпөөгө, саясаттан оолак болууну, шайлоо учурунда бир гана коопсуздукту сактоо милдети бар экендигин, өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин так так аткарууну жана мыйзам бузууларга жол бербөөнү дагы бир жолу эскертти.
“Ички иштер органдарына болгон элдин ишенимин жогорулатууга аракеттерди көрүп, кандай гана кыйынчылыктар болбосун ишмердүүлүгүбүздү толук кандуу аткаруубуз шарт. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктердин коопсуздугун сактоо жана кылмыштардын жана жоруктардын бетинин ачылышы боюнча иштерди күчөтүү керек.
Ошондой эле ички иштер министрлигинин кызматтык бөлүктөрүнүн жана жер-жерлердеги ички иштер органдарынын штаттык бирдиктери кайрадан каралып, оптималдаштырууга сунуштар берилсин. Кызматкерлердин социалдык жактан камсыздандыруу боюнча иштерди улантуу, ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базаларын жаңыртуу, ички иштер органдарынын санариптештирүү багытында иштерди аткаруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлорунун ишмердүүлүгү күчөтүү, чет элдик туристтердин коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздоо жана жерлерди басып алуу, рейдерлик иш-аракеттерге жол бербөө багыттарына өзгөчө көңүл бурулсун.
Милициянын көчмө кабылдамасынын иши күчөтүлүп, ар бир жетекчи өзү эл менен жолугушууларга барсын, эдин суроо талаптарын, мүдөөсүн уксун жана алар кайрылган маселелерди мыйзам чегинде чечүү маселесин кароону тапшырамын,- деди Улан Ниязбеков.
Коллегиянын жыйынтыгы менен он бештен ашуун жетекчилерге эскертүүлөр жана тартип жазалары берилди, ошондой эле 2021-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана ушул эле кызматтын Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас жана Чүй облустарындагы бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү каралат.
Ошондой эле Чаткал, Тоң, Панфилов, Жайыл РИИБүнүн, Кара-Көл жана Токмок ШИИБнын, ошондой эле Чүй ОИИББнын, Ош ОИИБнын, Нарын ОИИБнын тиешелүү кызматтарынын оор жана өзгөчө оор кылмыштарды ачуудагы, кылмыштуулуктун алдын алуу багытындагы ишмердүүлүгү да биринчи чейректин жыйынтыгы менен карала тургандыгы коллегияда белгиленди.
Ошондой эле коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү негизги багыттарда кемчиликтерди кетиргендиктери үчүн коллегиянын чечими менен Ысык Көл ОИИБнын начальниги Улан Асанбаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
“Бүгүнкү коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурулат. Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн, — деп баса белгиледи Улан Ниязбеков, коллегияны жыйынтыктап жатып.

ИИМдин Басма сөз кызматы