Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча «Кыргызалтын» ААК Башкармалыгынын Төрагасы кармалды (сүрөт)

 УКМК ККК пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча «Кыргызалтын» ААК Башкармалыгынын Төрагасы кармалганын билдирди.

Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, УКМК ККК «Кыргызалтын» ААК Башкармалыгынын Төрагасы «У.Э.А.» тарабынан алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылуу жана акча каражатын алуу системалуу фактылары аныкталды.

Аталган «У.Э.А.» алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылган.

2021-жылдын 12-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда “У.Э.А.” кармалды.

Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, «Кыргызалтындын» жетекчиси тарабынан опузалап пара алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде «У.Э.А.» Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

КР УКМК Басма-сөз борбору, тел. 661455

 


Комментарии

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *