Баткен облусунда Совет жоокерлеринин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 32 жылдыгына арналган салтанат болуп өттү. Иш-чаранын алкагында Ооган согушунун баатырларынын урматына арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, каза болгон жоокерлердин элесине багышталып куран окулду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

«Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров Ооган согушунун ардагерлерин куттуктап, ыйгарым укуктуу өкүлдүн белектерин тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Ооган согушуна 7 миңден ашуун кыргыз жоокери катышып, алардын 300дөн ашууну курман болгон. Анын ичинен Баткен облусунун аймагынан барган 556 жоокердин 26сы кайтпай калган.

Учурда 450 Ооган согушунун катышуучусу арабызда. Ооган ардагерлери Ош коогалаңында, Баткен окуясында да алдыңкы сапта болушкан.