Март айында прогрессивдүү кыргызстандыктардын курултайы өтөт. Уюштуруучулар жарандык активисттер, курултайга АКШда  иштеген IT адистер техникалык колдоо көрсөтүшөт. Ага катышууга депутат Дастан Бекешев, ырчы Зере чакырылган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу курултай Zoom тиркемеси аркылуу өткөрүлөрү такталды. Аталган иш-чарага башка өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын мүчөлөрү да катыша алышат.

Катышуучулар маданий-гуманитардык өнүгүү, экономика, саясат, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин талкуулашат. Ошондой эле алар гендердик теңчилик темасына токтолушат.

Форум 6-7-мартка белгиленген.