Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу анын жакындарынын билдирүүсүнө таянуу менен жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2-февраль күнү Сауд Аравиясынын падышасынын атайын чакыруусунун артында,  үй-бүлөсү менен кичи ажылык амалын аткаруу үчүн учуп кеткен.