13-февралда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарындаБилим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Бириккен Араб Эмираттарынын Билим берүү министри Хусейн Ибрахим Аль-Хамадинин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүүдөгү кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды:

— Кыргыз Республикасында биргелешкен кыргыз-араб илимий-изилдөө борборун куруу;

— Студенттерге БАЭнин ЖОЖдорунда стипендиялык программалар аркылуу окуу үчүн квоталарды бөлүү.

Ошондой эле буга чейин түзүлгөн жумушчу топтордун алкагында эки министрликтин кызматташтыгын улантуу тууралуу маек болду.