Ош шаарында цирктен качып чыккан маймыл турак үйгө кирип кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан  кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-февраль күнү саат 22:05те болгон. Анда Навои эс алуу паркында жайгашкан цирктен маймыл качып чыгып, шаардагы үйлөрдүн бирине кирип кеткен.

ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучулары жерине барып, маймылды кармап, ээсине өткөрүп беришкен.