Кыргыз Республикасынын мурунку муфтийи Максатбек ажы Токтомушев элди президенттин саясатын карманууга чакырды. Бул тууралуу ал Instagram баракчасы аркылуу видео кайрылуусунда билдирди.

Муфтий өз кайрылуусунда өзүнүн дарегине айтылган маалыматтардын чындыкка дал келбей турганын жана ал Кыргызстандан чыгып кетпегенин баса белгилеген.

Мурунку муфтий элди биримдикке жана ынтыкмакка чакырды.

Бир башкка баш ийип, президентибиздин саясатын колдоп берели. Мен эч жакка качкан жокмун. Мына ушундай учурда телефон чалууларга жооп бере албайм. Анткени кырдаал кооптуу болуп турат. Жооп бербей койсо эле асманга учуп кетиптир деген сөз өмес да.

Белгилей кетсек, 10-февралда муфтий пара алууу фактысына шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкек шаарынын Биринчи май соту мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевду өлкөдөн чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарган.