Учурда социалдык тармактарда Япониянын көчөлөрүндө жана Бишкектин көчөсүндө тартылган сүрөттөр тууралуу кызуу талкуу жүрүүдө. “Kadam-media.kg” маалымат порталы азыркы шаардын абалы тууралу  “Тазалык” тармагында эмгектенген Нурслан Мааталиев менен баарлаштык.

-Саламатсызбы Нурслан байке, ишиңизге ийгилик. Сизди көрүп ушул шаардын учурдагы тазалыгы тууралуу бир аз маалымат алалы дедик?

—  Саламатчылык, жакшы рахмат. Мен  тазалыкта иштегениме эки жылдай болуп калды.  Тазалык эми бул ар бир адамдын өзүнөн көз каранды го. Мени таң калтырганы элибиздин  кайдыгерлиги, жоопкерсиздиги. Алар ойлошот  көчө шыпырган, тазалагандар жооптуу деп . Бирок, көчөнүн тазалыгы бул өзүбүздүн жүзүбүз. Анткени мен ойлойм, ушул көчөгө таштанды ыргыткан жаштар, айрыкча студенттер, айдоочулар басып баратып таштанды ыргытып кете беришет.Булар үйлөрүндө да ошондойбу деп ойлоп калам. Азыр күн жылып, кар ээрип, кардын астында калган таштандыларды тазалап, жыйнап жатабыз. Эки саат өтпөй кайра эле ошол таз кейпине келип калат.  Өзгөчө дүкөндөрдүн астында, окуу жайлардын астында, мекетптерде  укмуш таштанды толуп кетет. Адамдар баскандан эринишет. Үйдөн чыккан таштандыларды атайын бактарга салуу керек. Туш келген жерге ыргытып кете беришет.

— Сиз эрте менен канчада жумушка келесиз. Кар жамгыр жааганда кандай болот тазалоо кыйын болбойбу?

— Эртең менен жайында саат 4тө, азыр 5 те чыгам. Кар жааганда кыйын эле болот. Суук, ошондо деле таң эрте эл баса электе чыгабыз. Анткени кар басылып калса тазалоого кыйын болот. Күрөйбүз, туз сээп, эл басканга чейин ээрип көчө таза болгондой абалга келтиребиз. Жамгырда суу болобуз, атайын жамгырга кийилүүчү плащтар жок болгондуктан кээде кийимдерибиз суу болуп калат. Анан дагы тазалыкта иштегендердин эң бир көйгөйлүү маселеси ажааткана. Эрте менен эч ким короосуна киргизбейт. Бизде апалар, эжелер, улгайган кишилер иштешет.

Мен өзгөчө Кыргыз айымдарына кайрылат элем. Биздин айымдар аябай таза, сулуу болгусу келишет да, бет сүргөн, бут сүргөн салфеткасын туш келди ыргыта беришет. Ал деген жеңил болуп шыпыргыга илинбейт. Шамалга учат. Пакеттер өзгөчө ар кайсы жерде чачылат.

-Сиздердин жумушка эмнелер тоскоол болот?

— Бизге көбүнчө жолбун иттер, мышыктар, келемиштер аябай терс таасир берет. Анткени, биз шыпырып урнага салып кеткен жерди чачып салышат. Кайра тазалоого мажбур болобуз. Бул эмне себептен болот. Биздин жашоочулар, шаар тургундар таштандыга тамактын калдыктарын, сөөк-саак, нан тышташат. Аз келгенсип аялдамадагы урналарга же көчө бойлоруна тыштап кетишет. Аялдамадагы урналар атайын тамекинин бүчөктөрүнө, балмуздактын сыртына арналганын эскертет элем.  Ошондуктан шаар тургундары таштандыларды иргеп ташташса жакшы болмок. Бизге да шаарыбызга да экологиябыз га да жакшы болот эле.

— Таң эрте жумушка чыкканда кандай кызыктуу окуялар болот?

— Биз түрдүү окуяларга туш болобуз.  Жумушта ар кандай болот, кээде алтын сөйкө, шакек таап алган тааныштарым болгон.  Өзгөчө клубдардын астында,  Империя пиццаларда жаш кыз, жигиттер мас отурушат. Оозунан ар кандай сөздөр чыгат.  Какырып, түкүрүп салышат. Кээде өзүм уялам алардын оозунан чыккан сөздөргө. Жаштар кандай тарбия менен чоңоюп жатышат деп ойлонуп калам. Көбүнчө орустар келип рахмат айтышат. Мастар сөгүшөт, тийишет. Бирок жакшы адамдар деле бар. Бир жолу мен таң эрте жумушка чыгып, шыпырып жүрсөм, кымбат унаа айдаган бала келип үстүмө айдап кирди. Улам качып коем. Орозо болчу. Мас го деп ойлодум. Бир мезгил унаасынан түшүп келди. Бир аз кызуу экен. Саламдашып, мага ичесизби деп кайрылды.  Жок орозмун дедим. Анан чөнтөгүнөн акча чыгарып мага сунду. Албайм дедим. Болбой чөнтөгүмө салып кетти. Рахмат байке таң атпай жумушка келесиз деп.  Ыраазы болуп калабыз.  .   Көптөр бизди айлык көп алышат деп ойлошот. Андай деле эмес. Бир  чакырым жерге 6-7 миң төлөшөт. Эл катары эле алабыз. Эл катары кредит төгөбүз.  Көбүнчө “Тазалыкта” иштегендер батирде турушат.

-Нурслан байке учурда социалдык тармакта көпчүлүк Япония менен Бишкектин көчөлөрүн салышытырып жатышат. Бул тууралуу сиз кандай ойдосуз?

-Туура, эми Япония биринчиден өнүккөн өлкө. Аларда техникасы, таштанды иштете турчу фабрикалары бар. Мен Россияда иштеп келдим. Аларда деле таштанды көчөгө ташташпайт. Бул элдин өзүнүн маданиятынан го деп ойлоп калам да.  Себеби пандемия учурунда, элдер карантинде үйлөрүндө отурушту, а биз иштеп жаттык. Ошол мезгилде Бишкек аябай тазаланды. Таштанды ыргыткан киши жок. Эч ким какырбайт, түкүрбөйт. Шаар тааптаза турду.  Ар бир адам өзү таза болсо Раззаков айткандай коом да  көчө да таза болот эле….

-Маегиңизге чоң рахмат Нурслан байке, иштериңизге ийгилик, ден-соолукта болуңуз оорубаңыз…

-Рахмат силерге да . Ушинтип биздин эмгекти баалап элге жеткирип жаткан.

 

Маектешкен    Жазгүл Баяналиева