Балалыкта ыйлаткан бөлөм, бой жетип чоңоюп, келишкен сулуу селки болуп экинчи ирет ыйлатты.

Биринчи ирет биз жаш элек. Мен таята таенемдин колунда чоңойдум.  Атам-апамдардан бизге эрмек болсун деп эки жашымда алган экен. Абышка-кемпирдин колунда өтө тентек өстүм эркелеп. Таенем эки кыз төрөп, үчүнчүсүн уул болуп, бирок бир жашка чыкпай чарчап калгандыктан, эркек деп мени аябай жакшы көрчү. Таятам бир аз кой, эчки уй кармай турган. Жазында жер жашылданып чөп чыга баштаганда төл башталат. Ошондой күндөрдүн биринде бир кой эгиз козу тууп, бирөөсү аябай аппак сүйкүмдүү козу эле. Аларга нан, кант берип өзүмө үйрөтүп алгам. Мен мектептен келе жатканда алдымдан чуркап чыгышат. Кечинде мал тосуп келгени чыкканда ээрчип алат.

Күндөрдүн биринде таежемдер конок болуп келишти. Анын кара тору чачтары тармал кызы бар Айжамал деген. Экөөбүз жакшы ойнойт элек. Короодо мени менен чуркап ойноп жүргөн козуларды көрүп мага да козу деп ыйлап чуу салды. Тайатам ага мен жакшы көргөн аппак козумду берем деди. Козу меники деп талашып экөөбүз  ыйлап, уруша баштадык. Таенем Айжамал сен кара козуну ал деп жакшы эле менин таламымды талашты. Кашайып ал да аппак козу алам деп ыйлап жерге жатып алса болобу. Таятам мени алдап акыры ак козуну беришти. Ошол күндөн тултуйуп,  таарынып Айжамалды жаман  көрүп калдым.

Чоңоюп бой тартканга чейин кек сактап жүрдүм. Алар шаарга көчүп кетишип, көп келбей калышты. Мен таятам каза болгонго чейин жүрдүм. Кийин апам таенем экөөбүздү өздөрүнө алды. Мектепти аяктап шаарга окууга келгенде дал ошол Айжамалдын үйүнө келдим.

Айжамал мен таарынган, жек көргөн кыз, ажары ачылып, маралдай керилген кыз болуптур. Сүрдөйм  аны көрсөм. Кээде таежем киного алып барып кел, же базарга жанында барып кел деп кошуп жиберчү.

Бир күнү сурадым тамашалаган киши болуп жигити бар жогун.

– Жигитти эмне кылам окуюн алгач билим алып. Эр качпайт деди.

Ошол күндөн үмүт артып, уурданып карап, ичимден сүйүп жүрө бердим. 4-курска жаңы көчкөндө Айжамалды ала качып кетишти. Дүйнөм тарып, арыктап, тамактан суу өтпөй аябай кыйналдым. Бөлөмө деген тун сүүйүмдөн ажырап, анын бөлмөсүнө кирип, кийимдерине сиңип калган атырынын жытынан жаттап-жыттап алам.

Азыр Айжамал суйкайган келин. Эки баланын апасы. А мен дале бойдок. Өзүмдү жемелейм, уялбай эле сезимимди айта албаганыма. Апамдар жолуккан сайын качан үйлөнөсүң дей берет. А менин кыялымда Айжамал…