Экс-депутат Искендер Гайпкуловдун мандатын «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси боюнча депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазов ала алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын  өкүлү Абдыжапар Бекматов айрым маалымат булактарына билдирди.

«2015-жылы Шайлообек Атазовдун тизмеси «Ата-Мекен» партиясында болчу, ал ошол жылы ушул партия менен шайлоого барган. Азыр кийинки талапкердин тизмеси Атазовго жеткендиктен, Гайпкуловдун мандаты ага берилет», — деди Бекматов.

Шайлообек Атазов 41 жашта. Ал «ЕРЕМ» спорт клубунун аткаруучу директору. Ошондой эле ал «Күч биримдиги» саясий кыймылынын лидери.

2020-жылдын 4-октябрындагы жыйынтыгы жараксыз деп табылган парламенттик шайлоого чейин Шайлообек Атазов «Мекеним Кыргызстан» партиясынын курамында депутаттыкка талапкер болгон.

Эске салсак, Искендер Гайпкулов президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg