Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышууга партиялардан арыздар келип түшүүдө. Бул тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
Шайлоого катышууга арыз берген партиялардын тизмеси:
“Легелайсз” (Төрагасы мурдагы ЖК депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Эльдар Мадылбеков)
“Ата Мекен”
“Эмгек”
“Бүтүн Кыргызстан”
“Улуу-Журт”
Буга чейин “Жашылдар” жана “Ыйман Нуру” партиялары биринчилерден болуп арыз берген.
Өлкөдө жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтөт. Ошол эле күнү Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум да өтөт.