Коронавирустун B1525 деп аталган жаңы штаммы Улуу Британияда жана башка бир нече өлкөдө табылды. Бул тууралуу Guardian басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эдинбург университетинин окумуштуулары берген маалымат боюнча, вирустун жаңы штаммы Улуу Британияда (32 учур), Данияда (35), Нигерияда (12), АКШда (7), Францияда (5) катталды. Жуктуруп алгандардын саны бештен төмөн болгон өлкөлөрдүн катарында Гана, Австралия, Канада, Иордания жана Испания бар.

Окумуштуулар мутациянын жаңы варианттары мурдагыларга салыштырмалуу антителого көбүрөөк туруштук бере алат деп тынчсызданууда.

Эске салсак, декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 илдетинин жаңы мутациясын табышкан. Кийинчерээк ал тездик менен тарап жатканы, буга чейинки вируска караганда жугуштуулугу 70 пайызга ылдам экени маалым болгон. Деген менен адам өлүмү көп катталган учур жок.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, 16-февраль күнү дүйнө жүзү боюнча SARS-CoV-2 вирусун жуктургандардын саны 109 миллиондон ашты