Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна талапкерлерди каттоо боюнча «Каттоо жана аттестациялык комиссия» түзүлүп, токтом менен бекитилди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.  

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызмат ордуна талапкер катары катталуу үчүн коюлган талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;

2. Салттуу Ислам болгон Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын терең билген жана карманган;

3. Жогорку диний жана светтик билимге ээ;

4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх, араб грамматикасы жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;

5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;

6. Мусулман коомчулугунун, туугандарынын, үй-бүлөсүнүн арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген;

7. КМДБнын курамында же дин кызматкери катары 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болгон;

8. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кылмыш иши козголбогон жана соттолбогон;

9. Саясий партиялар менен саясий кыймылдардын эч бирине мүчө болбогон;

10. Уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар;

11. Мамлекеттик жана араб тилдеринде эркин сүйлөгөн жана мына ушул тилдерде өз ой пикирин кеңири жаза алган Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийлик кызмат ордуна талапкер катары каттала алат.

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:

1. Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;

2. Кадрларды каттоо баракчасы 4 даана ¾ өлчөмүндө сүрөтү менен (байланыш маалыматтары, жашаган жеринин дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);

3. Паспортунун көчүрмөсү (ID карт);

4. Резюме. (Устазынын аты-жөнү, илимий жетишкендиктери, иш тажрыйбасы жана алган сыйлыктарына басым жасалат);

5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

6. Мүнөздөмө (КМДБдан же облустук / шаардык Казыяттардан);

7. Жогорку диний жана светтик билимин тастыктоочу документеринин көчүрмөлөрү;

8. Кылмыш иши козголбогондугу жана соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.

Документтер төмөнкү даректе кабыл алынат:

Бишкек ш., Гоголь к. 57, КМДБнын / Муфтияттын имараты, 2-кабат. КМ Аалымдар Кеңешинин катчылык бөлмөсү.

Кабыл алуу убактысы: Ишемби, жекшемби күндөрүнөн сырткары, аптанын бардык күндөрү саат: 11:00 – 16:00.

Документтер aalymdar.keneshi@gmail.com электрондук почтасы аркылуу да кабыл алынат. Электрондук дарекке жиберүү жолу менен катталгандар документтеринин түп нускаларын (оригиналдарын) 17-мартка чейин делонун ичинде тапшырууга тийиш. Документтерди алып келген адам үчүн талапкердин ишеним каты талап кылынат.

Сурап-билүү телефону: + 996 (702) 559684; + 996 (777) 881122;

Документтерди тапшыруу мөөнөтү:

2021-жылдын 17-февралынан тартып, 2021-жылдын 17март күнү саат 18:00гө чейин.

Эскертүү: Коюлган талаптарга жооп бербеген документтер каттоого алынбайт.