Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан улам, бүгүн эрте менен 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жамал Сейдакматова Ыссык-Көл облусунун Темир айлында туулуп-өскөн.

Кырдрамтеатрдын сахнасында жетишкен ийгиликтери үчүн Сейдакматова 1970-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1977-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти ардак наамдарын алган. Ал эми “Манастын уулу Семетей” драмасындагы Каныкейдин образы үчүн 1986-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болгон.

Театр жана кино артисти, «Туңгуч» театрынын уюштуруучусу жана көркөм жетекчиси болгон. Театрда жана кинодо көптөгөн ролдорду жараткан.

1990-жылы «Тунгуч» жаштар театрын ачып, бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келген.